cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

Сыр сандык 🔐

Кызыктуу окуялар жана аңгемелер 📝 Админ: @zolotoi_kg 👤

إظهار المزيد
مشاركات الإعلانات
1 323
المشتركون
+324 ساعات
+337 أيام
+12830 أيام

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

Photo unavailableShow in Telegram
- Не болду аке? - Кардыгаш , акең менен анаң издеп келиптир! Арабадагы ата- энесин көрө калган Кардыгаш бакырган бойдон бери чуркады . - Анашым менин,акем менин .... Амансыңарба? Шын эле жүзүңдү көрдүм ау? - Жалгызым ,кулуншагым! Барсыңба кызым! - Мен силерди жоготтум го дегем ... - Ие Жараткан анаң экөөмүздүн өлүгүбүз карга - кузгунга жем болуп ,ай далаамда каламы деп ойладык еди. Кудайым кызымдын жүзүн көрсетти,мынауңа да тоба! Байбишем еми өлсек ак кепиндеп ,аруулап коё турган кыз - күйөөм ,немерелерим бар. Эми өлсем,арманым жок гой! - деген Толепбергендин көзүнөн жашы куюлуп жатты. - Коюңуз, антпеңиз! Неберелериниздин жакшылыктарын көрүп көп жашаңыз! - деп Алый сөзгө кошулду. Кучакташып ыйлап жаткан,эне баланы көргөн баары көзүнө жаш алып турушту. Арыктап ,шапайып калган ата- энесин улам - улам кучактап өпкүлөп , Кардыгаш кучагынан чыгаргысы келбейт. Аңгыча ары жактан бойго жетип калган эки кыз,анан онго чыгып калган уул бала келип таята - таенесин кучактап калды. Наурызбайдын үй бүлөсүн бош тамына киргизип койгон Керимбай ,аялы Карачач келишип,бака- шака түшүп бир козусун жетелеп союп калышты. Башынан өткөргөн окуяларын Толепберген менен Субайда бирде күлүп ,бирде ыйлап айтып берип жатышты. Тамак ичилип , Жайлообай менен Алый кетүүгө камынышты. Өзүнчө ары жактан кызы менен сүйлөшүп , бери баскан Толепберген Алыйды карады. - Алый кызым ! Сен дагы биздин кызымыздай болып калдың! Сага ыраазычылыгыбыз шексиз ! Мынау көлүк менен арабаны сен айдай кет ! Балаларың менен аман - эсен аулуңду,аке - анаңды таап ал ! - Жок , коюңуз! Ат араба сиздерге деле керек! Мен ала албайм ! - Кызым , байбишем экөөмүздүн кара басыбыз,усы ат менен арабадан артык бекен ! Сен болмасаң,биз эбак кара жердин астында жатмакмыз! Балким өлүгүмүздү чөөлөр ,карга - кузгун шокуп,арам өлип жатаар белек ! Кой карагым ,мени таарынтпа! Буюрса аке - шешеңди тапкандан кийин туыскан болып,катысып туралы ! - Рахмат сиздерге , сөзсүз катышабыз ! Менин уул - кызыма төркүн болуп катышабыз ! ( Уландысы бар) Нурида Карабалтинская #омурготетежол_элдик
إظهار الكل...
Өмүргө тете жол 12- бөлүк Канча айдан бери , тыңгылыктуу тамак ичпеген немелердин ашказандары да кичирейип кеткен өңдөнөт. Бир аз козунун этинен жеп,сорпосунан ичкенге алдары кетип ,кара терге түшүп олтуруп калышты. Сорпого кичине кымыз кошуп , кыргыздын " аксеркесин " Калыйкан Субайдага сунду. - Келиңиз,бул" аксеркеден " ичкиле! - Бул не? - Тамак жакшы сиңиш үчүн,биз кымыз кошулган сорпо ичебиз. - Аа,анда жаксы экен... Тамак желип бүтүп ,колго суу куюлуп бүткөндөн кийин баары Алыйды карап калды. - Сөздү эмнеден баштаарымды да билбей олтурам. Бул элдин башына келген алааматты балдар эмес чоң киши көтөрүшү өтө кыйын болду. Ачкачылык бир тараптан кыйнаса ,экинчиден жан дүйнөнүн ачкачылыгы адамдарды кыйнады. Кудай адамдарды жаратканда ,айбандан айырмачылыгы менен жараткан эмеспи! Бирок элди ачкачылык кыйнаганда,кээ бир адамдарда айбандан да жаман касиет ачылат тура ! Жан дүйнөсү бай ,ички туюму мыкты гана адамдар өзүн адам катары сактап калды. Ал эми айбандан айырмачылыгы аз адамдардын накта жүздөрү ачылды. Жегенге эч нерсе калбай калганда ,жаш балдарга ууга чыгышып ,бала- чаканы жеп башташты. Акырындап адам этин бир татып алгандан кийин,алар накта жырткычка айланып калышат экен. Акырындап өзүнүн жакындарын ,алсыздарын жеп башташты. Жолдо балдарым менен түнкүсүн басып, күндүзү эл жүргөн жерлерден айланып өтүп жатып,жериме келдим. Бирок жолдо көмүлбөй калган шордуулардын өлүктөрүн,чала мүлжүп ыргытылып жаткан сөөктөрдү балдарыма көрсөтпөгөнгө аракет кылдым. Акыркысында киши жегичтерден тузагынан мүрзө сактап калды. Менин Кудайдан тилегеним балдарым ,ушул күндөрдү унутуп калса дейм.... Алыйдын айтканына кулак төшөгөн отургандар бир топко унчукпай,ортону жымжырттык уялады. - Ие карагым,андай нерселерди биз байбишем экөөбүз да көрдүк. Осындай жырткычтардан коргонолу деп ,сен көргөн көшкө анау адамдар атайын топтолгонбуз. - Кудай ай,адамдарга ыйман бер! - деген Калыйкан үшкүрүнүп алды. - Ой айланайын,бул эмне деген шумдугуң! Үркүндү деле көрдүк,Текеске качып барып ,аман- эсен эли - журтубузга келдик. Бирок биздин элде ,адам этин жеген айбандар кезиккен жок! Арадан он күндөй убакыт өттү. Күнүнө шорпо - шилең,айран - сүт ичкен немелер , акырындап тыңып калышты. Жайлообай базар күнгө ылайыктап , Түптө жайгашкан базарга кетти. - Ой байбиче, барсыңарбы? Ээ Токе!- деп бакылдап Жайлообай атынан түштү. - Эмне эле бакырасың? Камчысын сүйрөгөн Жайлообай үйгө кирип олтура калды, - Курдаш сенин кудаң жөнүндө маалымат алып келдим.Ноорузбай деген казак уста жөнүндө билгендерди таптым. - Аузуңа май баурум! Кайда дейди ? - Бул качып келген казактардын бир тобу Ой- Тал ,Ой- Булак,Кутургу жакта дейт . - Анан кандай кыламыз? - Буюрса эртең ,араба менен эрте чыгалы ! Темирди камырдай ийлеген Ноорузбай деген уста бар . Ал жасаган аттын такалары ,ат жабдыктары мыкты дешти .Болду - болбоду ошол эле сенин кудаң окшойт деп калдым. Эртеси Алыйдын эки баласын балдар менен үйгө таштап , таңында жолго чыгышты. Жолдон жолуккандардан сурап олтуруп, колхоздун атканасында жайгашкан устаканага келип калышты. Токтогон арабанын, Жайлообайдын атынын дүбүртүн уга устаканадан жаш жигит чыга келди. - Ээ балам , Ноорузбай деген уста ушул жактабы? - Ооба , келиңиз. Атыңыздын такасын жасаш керекпи? Же арабанын дөңгөлөгү сындыбы? - Жок ,айналайын, өзү керек эле! Ичкериден ,башына тегерек саймалуу казакча топу кийген сакал мурутчан адам чыкты. Келген адамдарды бүшүркөй карап туруп калды. - Ассалоому алейким, Наурызбай куда! - Ие ,сизди тааныбай турмын. - Мен Толепберген кудаңыз. Кардыгаштын акеси .... - Ой бай кудаам ! Сиз кантип таап келдиңиз? Аман эсенсизби?- деген Наурызбай Толепбергенди кучактап калды. Аркы - беркини сурашкан эки куданын сөзү бүтө турган эмес. - Ээ эки куда ,сиздердин сүйлөсө сөзүңөр түгөнбөйт . Бу кудагыйыңыз кызын сагынып ,араң олтурат. - Кечир Жайлооке! Куда бизди аман алып калган ушул курдашым. Эми биз бир туыскан болуп калдык. - Жүргүлө үйдү көздөй ... Араба менен келип жапыз үйдүн жанына токтогон Наурызбай,үйгө кирип, - Кардыгаш! Ээ Маржан , анаңар кана кызым ? Аңгыча ары жактан орто бойлуу арыкчырай келин чыга келди.
إظهار الكل...
👍 1
- Кайран гана казагым,элдин көбү жуттан кырылды окшойт баамымда. Мындай элге түшкөн мүшкүлдү биз " Улуу Үркүндө" көрдүк . Кыргызым ач бел ,куу жолдо кырылды. Бийик ашуу,белдерде ,ак кар ,көк музда көмүлбөй калган канча журтташыбыз калды. - Ие Жайлооке ,Кудай эл басына келген кырсыктан сактасын ! Кыргыз,казактын басынан не деген апааттар өтпөдү. - Абышка эт бышты.Чыгара берелиби ? - Алып кел,ээ Асантай кана колго суу куй! Кубаныч экөө ырас тил табышып жакшы дос болуп жатышат . Акбото кыздар менен тил табышты . - Бала деген ушул экен да. Жолдон эмне деген гана кыйынчылыктарды көрүшкөн жок. Эми карасаңыз,эч нерсе болбогондой ойноп жүрүшкөнүн.- деген Алый жылмайды. - Кудай баланын эси- дартын ушундай жараткан тура ! Бүгүн кыйналса,эртең оюнга аралашып унутуп калышат. - Жайлообай ата,мен балдарыма эмнеге кабатыр болуп жатканымды, шашпай тамак жегенден кийин айтып берейин. Ал окуяны Толепберген ата менен Субайда ажеге деле айткан жок элем...
إظهار الكل...
Өмүргө тете жол 11- бөлүк Курсактары тойгон немелер ,салып берген төшөккө баштары тиер замат уйкуга кетишти. Көптөн бери мындай таттуу уйкуну көрө элек немелер , таңында ойгонгондо Алый жандарында жок экен. - Анам кана? Ана?- деген Акбото чуркаган бойдон сыртка чыкты. - Ай кызым , энең Кудайга шүгүр,тигине сууга жуунуп келе жатат. - Анааа! - Ботом менин ,эмне мени көрбөй коркуп кеттиңби? - Ооба ,сизди бир нерсе болып кеттима деп корктым.... - Коркпа ботайым ,мен жакшы болуп калдым . Көрдүңбү? Кечээкидей кара - көк тарткан шишиги тарап, өңүнө чыгып калыптыр. Анын үстүнө кечинде Саткын болбой эки кесе нак сүт ичирип жаткызган. Бир чети кеч боло электе кара чаар жыландын уусун тазалаган Жайлообайдын эмгеги,экинчиден Саткын ичирген сүт ,кандагы ууну дагы кесип жиберген окшобойбу... Бир аз сылтып баскан Алый боз үйдүн эшигин аттады. - Айналайын кызым жаксы болып калдыңма ? - Ооба аже ,жакшымын... Курсактарын тойгузуп эртең мененки тамактан кийин Жайлообай сөз баштады. - Ээ Ырымбай ,келин ! Мен булар менен айылга түшөйүн.Бала - чакага бере турган бир нерселериңди даярда! Энеңер эмне болуп жатты экен бала- чака менен.... - Макул ата,курут ,карынга куйган сары май ,сүт ,айран берип жиберейин. - Ырымбай ,эрте жазда тууган күрөң күрпөңдү жайылган койлордун арасынан кармап кел! Бир чети бала- чака шорпо - шилең ууртасын! Энеңер да суукчан эле,ага да жакшы болот. Анан Толепберген аксакал,Алыйлар биздикине жатып кичине өзүнө келишсин... - Жайлообай курдаш ,убара болмаңыз. Мынауга да рахмет! Биз кызымызды издей берели ! - Жок,эч кайда кетпейсиңер! Бир козу союп ,силерди сыйлай албасам ,бул жашоодо эмне жашап жүрөм . Карачы кабыргаңар саналып,түнү менен курдаш жөтөлүп да чыктың. Буюрса кичине жакшы болгондон кийин,мен өзүм издешем, кудаңыз Наурызбайды... Андай уста кишилердин дайынын бат эле табабыз. Чоң атасынын келе жатканын алыстан көргөн небереси Асанбек чуркап үйгө кирди. - Чоң эне ,чоң эне дейм ... - Оу балакетиңди алайыным. - Чоң атам келе жатат,карагерди минип алып,бир араба тентимиштерди алып келе жатат. - Ок, өрккөнүң өскүр! Ал эмне деген жаман сөз! Тентимиштер деп экинчи айтпай жүр ! " Кудай кылса,кубарыңдын акысы барбы " дечү ата- бабаларыбыз. Шордуу элдин маңдайына ушундай ачарчылыкты жазыптыр да ! Кимден уктуң андай жаман сөздү? - Тиги Бейшенин баласы айткан. - Кой ,антпей жүр ! Үйдүн жанына келип токтогон арабадан Алый түшүп , Толепберген аксакал менен кемпири Субайданы түшүрдү. - Арыбаңыздар эне ! - Бар болгула кагылайындар! - Амансызбы байбише! Мал - жан аманба ? - Жакшы ,жакшы келиңиздер! - Оо байбиче , амансыңбы! Неберелерим кандай жакшыбы? - Жакшы абышка! Кудайга шүгүр! Уул - келин кандай? - Жакшы байбиче,тигил келиниң берген немелерди түшүр ! Үч бөлмөдөн турган ылайдан согулган,жер тамдын ичинен алты жаштагы Асанбек ,он жана он үчтөгү Керимсел менен Бакбүбү сыртка чыгышты. - Салам алейкум чоң ата! - Алейкум салам,чоң жигит болуп калган тура менин уулум! - Жаксыңарбы чоң ата? - Жакшысызбы чоң ата? - Жакшы кагылайын,тигинде энеңер берген курут ,айрандар бар. Алып киргиле үйгө ! - Кана ,балам ,тиги Керимди чакырып келчи! Бул козуну сое калсын! - Кана анда ,бул козуга бата кылып коёлу! Оо Жаратканым бар балээңден ,жок жалааңдан сакта! Элге келген кырсыктан сакта! Элибиз аман,журтубуз эсен болсун ! Кудайым казак элине келген кыйынчылыктан аман эсен чыгарып кет ! Кудай Ысталинге акыл - эс берсин ! Оомийин! - Омийин! - Оомин! - Ай абышка ,тиги кишинин атын эмне батага кошуп жатасың ыя ? Баканооздор угуп калса ,Шиберге айдап жибербейби? - Ой ,мени эле бирөө тыңшап жатыптырбы ? Тыңшаган неме болсо айтып барсын! Калдайган калың казактын мал- келин,эгин- тегининин тартып алып ,тентитип жиберген кантип жакшы болсун! - Болду эми ,кайдан айттым эле... Удургуп кетесиң деги токтобой... Төргө салынган көлдөлөңгө олтургандарга дасторкон жайылып ,самоордон ысык чай куюлуп , сөздөр сөзгө уланып жатты.
إظهار الكل...
👍 2
Өмүргө тете жол 10- бөлүкАкырын Алияны көтөрүшүп арабага жаткызышып , Жаныбектин артынан айдашты. Дагы бир сындырымдан нанды үзгүлөп жеп Акбото менен Куаныш ,кудуңдашып бири - бирин карап коюшат. Эт бышымдай убакыт өткөндө алар карагайлуу беттин түбүндөгү,шаркырап агып жаткан дарыяга келишти. Сууга жакын жерде тигилген эки боз үйгө келип токтошту. - Ой Ырымбай ,ой барсыңбы? Коноктор келди ,бери чыккыла ! Ээ келин ...ким бар үйдө ? Алыстан эле кайнатасынын арабада олтурган бир топ киши менен келе жатканын көргөн Саткын үйүнө кирип , - Ай Ырымбай,тиги атаң дагы бир тентиген казактарды алып келе жатат окшойт. Эмне биз болгон ,тентимиштерди багабыз деп сөз бердик беле? - Эми эмне эле болуп жатасың? Сен аларга жардам берсең ,Кудай сага жардам берет! - Айылга кетирсең боло нары атаңды... - Эй катын ,болдучу , күңк - мыңк этпей.... Жылкыларды кайтарып ,кулундарды желеге байлап берсе жакшы...Уйларыңды улам оттуу жерге которсо жакшы ээ? Анан кыйналган шордууларды алып келсе эле каңкылдап каласың? - Эмне бизден башка кишилер жокпу? - Эй ,болдучу башты оорутпай... Тур чык эшикке! Сыртка чыккан Саткын ,үйгө жакындап келип токтогон арабаны карап калды. - Ой келин,чайыңды кайнат! Төшөктөрдү сал,тиги келинди көтөрүп киргизип жаткызалы! Уулуу жылан чагып алыптыр! - Азыр ата... - Ассаламу алейкум! - Алейкум салам балам. - Келиңиздер! Үйгө кириңиздер! - Көп рахмет уулум! Кудай тилегиңерди берсин! Арабадан түшкөн Толепберген менен Субайданы баштап Жайлообай боз үйдүн эшигин ачты. - Келиңиз өтүңүз! Үйгө кирген абышка кемпир төрдө салынып турган көлдөлөңгө өтүп олтурушту. Ортого дасторкон жая койгон Саткын ,чай койгону сыртка чыкты. - Балам кел келин экөөң,үйгө киргизгиле ? Саткын Ырымбай экөөлөп Алыйды көтөрүп боз үйдүн капталына салынган төшөккө жаткызышты. - Ой мурдуңду урайын ! Ээ балам эмне сен бул жерде жалгыз турасың? Жүрөгой,үйгө кир !- туруп калган Куаныштын мурдунан чымчып, Жайлообай үйгө киргизди. - Эжең кана,ии кызым өтөгой энеңдин жанына... Аңгыча чай кайнап , дасторконго нан,каймак ,курут ,сары май коюлду. Балдардын көздөрү дасторкондогу даамдардан өтүп ,улам бирин карашат. - Кана Толепберген аксакал дасторконго бата кылалы! - Уйүңөрдөн кут кетпесин ! Жаратканым жолуңарды ачык кылсын ! Оомийин! Колдоруна сүттөп куюлган чай тийгенге Субайда менен Толепберген нандан сындырып малып,ооздоруна салып бир топко шимип, араңдан жутушту. Бир кеседен куюлган айранды эки бала шашып - бушуп ,бирөө тартып алуучудай болуп иче башташты. - Балдарым шашпагыла ! Буюрса мындан кийин ачка болбойсуңар ! Бир сындырымдан гана нан жегиле , макулбу? Антпесе ооруп каласыңар! Бир чыны ысык чай ,бир кесим нан ,бир чыны айран ичине киргенге абышка менен кемпирдин эстери оой олтуруп калышты. - Өзөккө түшүп кетти окшойт байкуштардын... - Ооба да балам,канча күн ,же айбы ачка жүрүштү да шордуулар... - Ээ курдаш ,канча убакыттан бери жолдо ачка жүрдүңөр ? - Тогуз ,он апта болду го дейм... Дагы бул Алыйма жолугуп калып ,жолдон даам татырып жатты. - Апей,бул жаткан келинби? Мен кийген малакайынан эркек киши экен десе.... - Бул Алыйма биздин кыргыздын эле кызы экен. Казакка күйөөгө чыгып ,бул чоң жут башталганда кызы менен уулун алып жерине кайтып келе жатыптыр. - Аа байкуш,күйөөсү кайда экен? - Каза болгон дейт.., - Алыйма тээ казактын орус менен чектешкен Орынбор тараптан келе жвтыр гой! Биз болсо бери жактан эле таанысып калдык. Биздин топко балалары менен косылган эди... Түнү аш карыскырлар кол салып,Алый көре калып ,таң атканша от жагып коргандык. Осындан бери шогу келе жатырмыз. Менин Кардыгаш деген кызым Кегенге турмыска шыккан эде... Осыга келе жатканмыз,келсек аулда бир адам жок. Жарымы кыргызга,жарымы Кытайга кашты деди. Кызымдын эки кызы бар эле ,болду болбоду кыргызга эле кашты деп келе жатырмыз... - Эмне үчүн кыргызга келди деп ойлоп жатасыз? - Кытайга барган казактардын жас кыздарын колдорунан кытай,калмактар сууруп кетип жатысат деген кабар эситтик... - Аа шоруң каткан казагым ай! Кытай менен калмактай кыргыз менен казакка душман барбы? ( Уландысы бар) #омурготетежол Нурида Карабалтинская
إظهار الكل...
👍 7
- Ыйлаба курдаш! Кудайдын кылганына көнбөскө алыңар барбы? Бул күндөр да өтөөр,казак элине келген кыйынчылык экен . Кудайым буюрса бул күндөр да өтүп кетээр! Ачарчылыктан качып келген силер эле эмес. Азыр ар бир кыргыздын үйүндө бирден казак үй бүлө бар десем жаңылбайм. Кыргыздын колу кенен, адамгерчилиги жогору,ушундай кыйынчылыкта жардам бербесек,адамдыгыбыз кайсы? Колундагы жардамын коңшусунан аябайт. Байыртадан коңшу элбиз,тээ кең талаадан казак эненин жоокер уулу каза таап сыздаса,аскарлуу бийик тоо башындагы кыргыз эненин эки эмчеги зыркырайт деп ата - бабаларыбыз бекер айткан эмес. - Көп рахмет баурум! - Кана анда ,тиги кесени берчи уулум ? - Бул актан ооз тийгизейин!- жыгач кесени агын сууга чайкап кичине көөкөрүнөн кымыз куйду. - Толепберген курдаш эки ууртам эле ичиңиз! Канча айдан бери тамак ичпей келе жаткан адамга кымызды көп ичкен да болбойт. Куржундун көзүнөн көмкөрмө нандан алып кичинеден сындырды. Эки баланын нанды көргөндө көздөрү жайнап , шилекейлери агып кетти. Экөөнүн көзү нандан өтүп кеткенин байкаган Жайлообай кичине сындырым нандан экөөнө карматты. - Балдарым ,силерге азыр көп жегенге болбойт. Аз - аздан жеп көнүш керек. Макулбу? - Куаныш аздан, күкүмдөн жегиле айналайындар! Канча күндөн бери тамак барбаганга көп жеген зыян келтирет. Бир сындырым нанды колуна алган Акбото мурдуна жакындатып , шуулдата жыттап алды. Нан ушунчалык жыттуу болоорун эми сезгендей болду. Акыркы жолу качан нан жегенин эстей албаган кыз ,акырын бир үзүм нанды үзүп алып оозуна салды. - Кандай таттуу,кандай даамдуу... Жерде жаткан апасын карай коюп,чочуп кетип бир үзүп оозуна салганга аракет кылды. - Кызым ,өзүң жей гой! Энеңе мен азыр берем! Алыйдын башын көтөрүп ,акырын кеседеги кымыздан ууртатты. Кеберсиген эриндерине тийген кымыздын даамы,буркураган жыты Алыйды бир азга эсине келтирди. Бир эсине келип ,кайра уулуу жыландын уусуна уугуп эсинен танып жатты. - Оо Кудай,мен эмне тиги дүйнөдөмүнбү? Апакем ичирген кымыздын даамы кайдан келмек эле? Бул бейиш деген ушул го? - Кызым ,кел ичегой! Сен аман калдың! Уктуңбу? Кеседен эки ууртам кымызды жуткурганда ,Алый көзүн ачты. - Сиз кимсиз? - Мен Жайлообай деген атанмын кызым . Уулум калкоздун жылкысын багат. Мен бул тоолордо чоңойгом. Дары чөптөрдөн тере кетейин деп бастырып келе жатып ,силерге жолугуп калдым. - Менин атым Алыйма, Сары - Булактык Жаныбектин кызымын... Казакка турмушка чыгып кеткем. Жолдошум каза болду ,жаздын башында элди, жерди көздөй чыккам. - Сен өзүбүздүн кызыбыз турбайсыңбы? Кагылайын мына элиңе, жериңе жеттиң! Булар жээндерим турбайбы кагылайындар! Келгиле чекенерден жыттап коёюн!
إظهار الكل...
Өмүргө тете жол 9- бөлүк Бети - башы көгөрө баштап ,онтогон Алый оорууга чыдабай жерге олтура калды. Тыңыраак тамак ичпей ,болгондорун карылар менен балдарга берип,өзү жебей арыктаган Алыйдын оозу кургап ,башы айланып ,жер көчө түштү. - Ана ,ана ... - Не болду сизге ана.... - Айналайын кызым , көзүңдү ашсаң боло карагым! Сени эш тутуп карылар менен балдар келе жатырмыз! Көзүңдү аш карагым ау!- калчылдаган кемпир ыйлап жиберди. - Куаныш,Бото коркпогула чырактарым... Мен ...мына...азыр .... Ордунан обдулуп турайын деген Алый жыгылып кетти. - Оо Жараткан,бул эмне деген кордугуң! Эмне деген кыйынчылыктарды жеңип ,эми өз жериме жеткенде ,бул эмне кылганың? Эгерде мен бир нерсе болсом, бул шордуулардын көргөн куну не болот? Чычкандай болгон эки балам эмне болот ? Атасына аман- эсен сактап , чоңойтом деген убадам эмне болот? Кагылайын Кудайым,эптеп чөл - талааларды кезип ,бирде ач ,бирде ток болуп эптеп жериме жеткенде ушинтесиңби?-деп оозун кыбыраткан Алыйдын көзүнөн жашы куюлуп жатты. Жерде жаткан Алыйды тегеректеген абышка кемпир,кичине кыз менен бала апасын жулкулдатып ыйлап жатышты. - Арыбагыла бир боорлор! Эмне эле ызы- чуу түшүп жатасыңар?Тынчсыңарбы? - Бар бол аксакал! Айналайын бул кызымызды кара чаар жылан шагып алды гой! - Айналайын ! Колуңдан келсе жардамыңды аяба,Кудай үшүн... - Ата , анамды сактап калшы !- чырылдап ыйлаган Акбото ат үстүндө турган ак сакал- мурутчан адамга жалынып жиберди. Апасынын бетинен өпкүлөп ,чачынан сылагылаган уулу көзү аңтарылып жаткан апасын жулкулдатып ыйлап жатты. Аттан түшө калган аксакал ,ээрдин кашындагы куржунун жерге түшүрүп,көгөрүп бара жаткан Алыйдын жанына келди. - Кана уулум ,мындай болчу! Менин колум эмес Улукман акемдин колу! Кана Жаратканым өзүң колдой көр! Ааламды ,жан - жаныбарларды,учуп жүргөнүн да ,сойлоп жүргөнүн да жараткан өзүңсүң! Жанды берүүчү да ,кайра жанды алуучу да өзүңсүң! Ээ Кудайым ,кана анда баштайын, колдой көр !- деген абышка ,куржунунан кичинекей макисин алып чыкты. - Кана курдаш ,батыраак от жага сал! Өзү макисин таза матага сүртүп ,күйүп жаткан отко эки жагын кармай ,Алыйдын бутун карай баштады. Көпкөк болуп шишиген балтырында эки тешик канталап ,даана көрүнүп турду. Макисин тазалаган абышка ,ошол эки тешикти канын агыза тереңирээк тилип - тилип жиберди. Капкара коюу кан,булт- булт этип агып кетти . Белиндеги кайыш курун чечип , тизеден ылдый бекем тарта байлады да ,тилген жерди сыгып канды агызды. Акырындап кара кан азайган кезде ,ошол жердеги ууну соруп жерге түкүрө баштады. Айлананын баары ,аксакалдын аппак сакал- муруту да , үстүндөгү чапанынын жеңи да кан болуп кетти. Чекесинен тери жылтылдап ,уламдан улам ууланган канды соруп түкүрүп жаткан аксакалды караган төртөө унчукпай карап турушту. Акыры жылан чаккан тешиктен кара эмес ,кызыл кан шүүшүндөп ага баштады. - Оо Жаратканым,бул пендеңе көрө турган күнүн кайрыдың окшойт! Аксакал эки жагын эми карап , өзүн карап турган төртөөнү карап жылмайып койду. - Мына , Кудайга үнүңөр жетиптир , кызыңар ,силердин энеңер аман калды. Кана мобул макини отко кактай калгыла ! Кыңылдап,онтогон Алый көзүн ачты. - Кызым ,сени бир Кудай сактаптыр! Жыландын пири Азиз ,уусун өзүнө алды, Кудайым балдарыңдын маңдайында кайра жашоого мүмкүнчүлүк бериптир! Эми кызым ,мобул кан кеткен жерди күйгүзүп койбосом болбойт. Мобуну тиштеп ,бир чыдап кой кагылайын! Жерде жаткан камчысын берип,кайышынан тиштетип койду. Кызарып ,ысып турган макисин алып ,бат -баттан жарага басып койду. Алы куруган Алый кың деп үн да чыгарган жок. Кабагы бүркөлө түшүп эси ооп калды. Абышка ээрдин кашындагы кичинекей териден жасалган көөкөрүн алып бери басты. - Кана эми ,коркунуч жок . Эми шашпай таанышалы! Менин атым Жайлообай, сиздер ким болосуздар? Баамымда казак боордоштордон окшойсуңар? - Толепберген болот менин ысымым,бул байбишем Субайда. Жылан тистеген Алыйма ,уулу Куаныш,кызы Акбото... Минтип , кең далаамдан алыстап , тентип келе жатырмын... Кардыгып араң сүйлөгөн Толепбергендин көзүнөн жашы мөлт - мөлт эте куюлуп кетти.
إظهار الكل...
👍 3
Photo unavailableShow in Telegram
❗️🔥🔥🔥🔥🔥🔥📊 💰💰💰💰💰💰💰 💸 Играйте зарабатывайте монеты. В скором времени и в будушем ой как они вам будут пригодится. 1. TapSwap - клон ноткоина, но приятнее как по мне. Опять же бесплатно, майним. 2. LaimCoin - планы у разработчиков грандиозные, майнинг бесплатный. 3. BullRun - проект очень ранний, но уже фармить можно и к тому же блестящее будуше у этой монеты... 4. YesCoin - новая тапалка майнинг, бесплатный. С хорошими отзывами. 5. Hamster Kombat - Тапалка майнинг бот, уже совсем скоро обещают листинг в биржах. 6. Iceberg - бесплатный майнинг приложения, который можно достаточно много на майнить за счёт рефералов. ✅✅✅✅✅🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️ ✔️
إظهار الكل...
Өмүргө тете жол 8-бөлүм Алыстан ак карлуу тоолор көрүнгөнгөбү,айтор Алыйга күч кубат киргенсип ,көңүлү көтөрүлүп калды. - Ана,мындай бийиктиктен басым айланабы? - Жок,уулум көнүп кетесиңер да! - Ана ,дайыма самал болобу бийик тауларда ? - Жок дайыма шамал болбойт,бирок аба таптаза...эртең менен туруп,сыртка чыгып көкүрөгүңдү кере дем алсаң...эх балдарым ...барганда көрөсүңөр.... Арабага чегилген ат дагы көккө тоюп, тыңыраак жүрүп калды. Жолго бир конуп алып, Толепбергендин кызы жашаган айылга дагы жакындап келип калышты. Алдынан чыккан адамды токтотуп алган Толепберген аксакал - Арыба уулым! Бул Жалагаш деген аулбу ? - Ие аксакал... - Бу Наурызбай деген уста бар эле. Менин кызым Кардыгаш,анын келини еди... Аларды кайдан тапсак болады... - Ие аксакал, Наурызбай тургай, бүкүл аул эбак көшүп кетискен. - Кайсы тарапка? - Мен билгенден жарым аул Кытайдын Текесине,жарымы кыргызга кирип кетти гой! Ашаршылык катуу кыйнап ,аул эли шар тарапка сүрүлүп кетти гой! - Не кылам эми ...кемпирим экөөбүз...кызыбызды эш тутуп келе жаттык эди... - Мен уккандан уста Каркара жакка кетти дешкен. Демек кыргыздарга эле кетсе керек. Көп казактар кыргыздарга кирип кетишти. Кытайдын чериктери ,казактарды шек арадан атып жатыр ,жас,адеми кыздарын сууруп кетип жатысат деген кабар укканбыз ! - Аа мейли ,мейли ...анда жолубузду улайлы.- деген абышка ,кабагы салыңкы арабага олтуруп калды. - Толепберген,неге басыңды жерге саласың? Мына Алый кызым айтып келе жатыр го? Кеттик кыргыз элине деп... көтер басты! - Ооба да ата,тиги киши деле айтып жатат го,Каркыра аркылуу кеткен деп... Демек кыргыздарга эле кетишкен болуш керек. Кызыңыздын балдары барбы? - Ие эки кыз ,бир уулу бар ... - Анда кытай чериктеринин сулуу кыздарды тартып алып жатканын алар деле уккан чыгар. Андай болсо, сөзсүз кыргыздарга кетишкен. Капа болбоңуз, кызыңыз сөзсүз табылат. Кудай буюруп койсо ,жерибизге аман жетсек , неберелериниздин жытын искей турган да күн келет. Алыйдын сөзүнө муюган абышка кемпирдин үмүттөрү жанып,алдыны көздөй жөнөштү. Казактын чөл,талааларынан суу таппай ,бир ууртамдан ичип көнгөн Бото менен Куаныш ,шаркырап аккан сууларга таң калып келе беришти. - Ой баай ана,не деген адеми жер? - Мынау гүлдөрдү карасаңыз! Акырындап кыргыз жергесине келип калышты. Каткан талкандарынын жуктарын кагып - күүп жешип, жомоктогудай сулуулукка курчалган Каркыра жайлоосуна да жете келишти. Эки жагы чер токойго курчалган тоолор,ортосу атайын түздөп, шибер менен ар түркүн гүлдөрдү колго сээп койгонсуп көрүнөт . Түркүн чымчыктардын сайраганы, ачкачылыктан араң келе жаткандардын аз да болсо ,көңүлүн көтөргөнсүйт. - Кичине токтоп эс алалы,тузак коюп көрөлү,балким кекилик ,чил же бөдөнө илинээр! - деген Алый арабаны токтотту. - Кызым ,башыбыз айланып , көзүбүз караңгылап кетти. Кичине көлөкөгө жата турсак кантет? Алый алыс жолдо алдары кетип калган абышка кемпирди түшүрүп ,чоң карагайдын түбүнө олтургузду. - Силер дагы аже менен атанын жанында олтуруп тургула ! Мен азыр келем. Алый тузакты көтөрүп , алысыраак басып баратып , бөдөнөнүн жумурткалары жаткан уяны көрүп калды. -Ээ Жаратканым ,мени кечире көр! Уяны бузган күнөө дечү эле,айлам жок,күнөө болсо да ,бул жумурткалар бизге керек. Антпесе, биз эч нерсе эмес,тиги карган немелердин алы күндөн - күнгө кетип баратат. Келе жатып дагы бир уядан ,жумурткаларды терип алды. - Кечиргиле мени, уяларынарды бош койбой бирден жумуртка калтырдым. Антпесем тиги карылар менен жаш балдар ачкалыктан баса албай калышты. Алыйдын сүйлөгөнүнө макул болгонсуп ,ары жактан бөдөнө бытпылдыктап жиберди. Бири - бирине жөлөнгөн абышка, кемпир башын көтөрүп Алыйды карап коюшту. - Азыр ,мына мен жумурткаларды таап келдим. Кичине чыдап туруңуздар! Ары жактан куураган отундардан терип келе коюп,оттугун жандырып от жакты. Бир заматта кайнап чыккан ысык сууга терип келген жалбырактарын салып кайнатып жиберди. - Келиңиздер бул тоо карагаттын, чычырканактын жалбырактары ,кичине күч берет ! Чай ордуна ичиңиздер!
إظهار الكل...