Х. Карасаев Ысык-көл лицейи
الذهاب إلى القناة على Telegram
Бул канал Х.Карасаев Ысык-көл лицейинин бүтүрүүчүлөрү үчүн ачылды.
إظهار المزيد248
المشتركون
لا توجد بيانات24 ساعات
-17 أيام
-230 أيام
أرشيف المشاركات
Alumni breakfast🔥
🧑🏻🎓Дамир Осмонов
▫️Кардиолог-аритмолог
▫️PhD, зав.кафедрой кардиологии Международного Медицинского Университета г. Бишкек
▫️Главный внештатный интервенционный кардиолог и аритмолог МЗ КР
▫️Член Европейской и Американской ассоциаций кардиологов
💎 Тема: “Новые направления мировой медицины”
🗓️В это воскресенье, 29 октября
📍Кафе «Мараш»
⏰10:00
💲1000сом
Реквизит: Мбанк 0555040204
☎️ +996 555 340 707
22-октябрда Калифорниядагы сапарыбыз аяктап жатат. Бул штаттагы бүтүрүүчүлөрүбүз менен бир жерде жолугуп, сый тамактын үстүндө жакындан тааныштык. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр координаторлугунун эки жыл аралыгында жасаган иштери тууралуу маалымат берип, алдыдагы ишмердигибиз тууралуу сунуш-пикирлерин уктук. Калифорнияда бизди тосуп алып, жолугушуу үчүн убакыт бөлгөн бүтүрүүчүлөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге, окууларыңыздарга ийгиликтерди каалайбыз.
АКШдагы сапарыбыз дагы уланат.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, биз АКШдабыз!
14-октябрда лицейибиздин Чикагодогу бүтүрүүчүлөрүнө футбол жана сый тамак уюштурдук. Оюндан кийин дасторкон үстүндө жакындан таанышып, Кыргызстан жана лицейибиз, бүтүрүүчүлөрүбүз тууралуу жаңылыктарды айтып бердик. Ал жерде жаңы барган инилерибиз менен ал жакта көптөн бери жүргөн агаларыбыз да таанышып, мындан ары байланышып турушмай болушту. Бүтүрүүчүлөр координаторлугунун ишмердиги үчүн да алардын сунуш-пикирлерин угуп, алдыда жасалчу иштерди талкууладык. Бул иш-чара жемиштүү жана жогорку деңгээлде өттү. Ага катышкан Чикагодогу жана ага жакын жерлерден келген ага-инилерибизге ыраазычылык билдирем. Биздин Америкадагы сапарыбыз, жолугушууларыбыз дагы уланат.
Урматтуу мугалимдер, биздин сүйүктүү агай-эжелерибиз! Сиздерди бүгүнкү мугалимдер күнү майрамыңыздар менен куттуктайбыз.
Мугалим баланын келечеги, турмушта өз ордун табуусу жана ийгиликтерди багындыруусу үчүн мыкты устат. Бактысына сиздердей мугалимдер туш болгон бүтүрүүчүлөрүбүз ар кайсы тармакта бийиктиктерди багындырып, эл-жерге кызмат кылып келе жатат. Бул сиздердин эмгегиңиздердин үзүрү экенин сыймыктануу менен айтабыз.
Урматтуу мугалимдер, сиздердин жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди, үй-бүлөңүдөргө бакыт каалайбыз. Сиздерди дайым эстеп, биз үчүн жасаган камкордугуңуздар, билим менен кошо тарбия бергениңиздер үчүн ар дайым ыраазыбыз.
👋Салам, Sapat Alumni
Кезектеги Business Breakfast !
🗣️ Спикерлер туралуу:
▪️Гарвард бизнес мектеби, Хьюстон университети,
METU (Middle East Technical University) сыяктуу алдынкы окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү;
▪️Кыргызстандагы алгачкы жолу ачылган Америка технологиялык институттун кош-негиздөөчүлөрү;
▪️Кесиптик жолу эң ири дүйнөлүк компанияларда: Uber, Intel, Google, Snap, Linkedin, Meta жана НР;
▪️Munem Tech LLC компаниясынын негиздөөчүлөрү.
💎 Тема: “Жасалма интеллект жана тажрыйбаларыбыз”
🗓️ 08.10
⏰ 10:00
📍 Анкара 1/35, кофейня FoodMama
💲1000сом (бронь 0555040204 Мбанк)
☎️ 0555 34 07 07
📌Андыктан өткөрүп жибербеңиз🙏🏻
🏆🏆 КАРАСАЕВ КУБОГУ 🏆🏆
24-сентябрь биз үчүн өзгөчө дем алыш болду. Себеби Каракол лицейинин бардык бүтүрүүчүлөрү катышкан футболдук мелдеш өттү. Мелдеш эки бөлүктө өтүп, 1996-2009-жылдар аралыгында бүтүргөндөр “Улуу агалар” тайпасы болсо, 2010-2023-жылдары бүтүргөндөр өзүнчө тайпа болду. Мелдеште жалпысынан 17 команда ойноп, жалпы катышуучулардын саны 180ге жетти.
Биринчи тайпанын жеңүүчүлөрү лицейибиздин эң алгачкы бүтүрүүчүлөрү 1996-жылкы агаларыбыз болду.
Ал эми экинчи тайпа боюнча 2013-жылкы бүтүрүүчүлөр жеңүүчү болду.
Бул иш-чарага Караколдон бери келген лицей директоруна жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Биздин ага-инилик мамилебизди бекемдөөгө өбөлгө болчу бул сыяктуу иш-чаралар көп өтүп, ынтымагыбыз бекемделе берсин.
22-сентябрда лицейибиздин медицина тармагында иштеген бүтүрүүчүлөрүбүздү сый тамакка чакырдык. Мында лицейди ар башка жылдары бүтүргөн, медицинанын түрдүү багыттарында иштеген ага-инилерибиз жакындан таанышып, ой алмашышты. Баарын бириктирген бир максат – улутубуздун саламаттыгына кам көрүү, медицина тармагын жакшыртуу. Бул максатты орундатуу үчүн алардын жакын мамиледе болуп, байланышып туруусу маанилүү деп ойлойбуз.
Жарандарыбыздын оорусуна шыпаа издеп, саламаттыгыбыз үчүн жан үрөп жүргөн бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз.
Урматтуу биздин медицина тармагында иштеген жана окуп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз! Сиздерди 22-сентябрда атайын уюштурулган сый тамакка чакырабыз. Мында дасторкон четинде жакындан таанышып, ич ара мамилебизди бекемдөөнү максат кылдык. Анткени улуттун саламаттыгы үчүн жан үрөп, кызмат кылып келе жатасыздар. Ооруган адамдын Кудайдан кийинки үмүтүнө айланып, алардын ден соолугу үчүн кам көрөсүздөр. Ушундай маанилүү миссияны аркалап жүргөн бүтүрүүчүлөрүбүздүн көптүгү биз үчүн сыймык.
Баарыңыздарды 22-сентябрь, саат 19:00дө "Вефа" соода борборунун Б-блогунда, 9-кабат, 504-кабинетте күтөбүз.
Байланыш ном.: 0504091992 Азамат
👋Салам, Sapat Alumni
Кезектеги Business Breakfast уланат !!!
🗣️Бул жолку спикер
Азамат Исмаилов - Европадагы ишкер, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 1996-жылкы бүтүрүүчүсү.
💎 Тема: “Европадагы бизнес мүмкүнчүлүктөр”
🗓️ 17.09
⏰ 10:00
📍 Лотус рестораны
🔎 30 гана орун бар
☎️ 0702 23 20 22
📌Андыктан өткөрүп жибербеңиз🙏🏻
Урматтуу К.Карасаев лицейинин бүтүрүүчүлөрү!
24-сентябрь күнү көптөн күткөн бүтүрүүчүлөр жолугушуусу болмокчу. Аны менен катар «Карасаев кубогу» алкагында күзгү футбол турнири өтөт.
Келип сый тамакка, кызыктуу оюндарга катышып, эски достор менен баарлашып, чер жазышып, тайпалар арасында өтчү футбол мелдешинде кызыктуу оюн көрсөтүп кетиңиздер.
📅 24-сентябрь (жекшемби)
🕗 Башталышы: 09:30
📌 Дареги: Ч. Айтматов Бишкек лицейи — Широкая 1а.
Бул өтмө кубок төмөнкү таризде өтөт:
- агалардан түзүлгөн «А» тайпасы (1996-2009);
- инилерден түзүлгөн «Б» тайпасы (2010-2023) арасында оюн жүрүп, эки кубок ыйгарылат.
Командалардын капитандары ☎️ 0504-09-19-92 ватсап номерине алдын ала катталып коюңуздар.
Бул турнирдин ээлери: 1998-жылы жана 2010-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр.
Бүгүн - эл аралык кайрымдуулук күнү. Бул күндү утурлай өлкөбүздө кайрымдуулук маданиятын жайылтып, көп муктаж туугандарыбызга жардам берип келе жаткан “Элим барсыңбы?!” фондунда конокто болдук. Бул мекемени лицейибиздин 2005-жылкы бүтүрүүчүсү Айдар Кубанычбеков агабыз жетектеп, элибизге көптөгөн кызматтарды кылып келе жатат. Биз “Сапат бүтүрүүчүлөрү бирикмесинин атынан агабызды жана анын жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, жооптуу ишине албан-албан ийгиликтерди кааладык.
Өлкөбүздө жана дүйнөдө кайрымдуу, башкаларга күйүмдүү адамдар көп болуп, бул жаатта иш алып барган мекемелердин, андагы кызматкерлердин ишине Жараткан береке берсин.
Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 32 жылдыгы менен куттуктайм.
Өлкөбүздө тынчтык, өнүгүү орноп, элибиз бактылуу болсун. Жараткан ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт, ынтымак берсин.
Эгемен Кыргызстаныбыздын эркиндиги түбөлүк болуп, желегибиз дайым желбиреп турсун.
Урматым менен, бүтүрүүчүлөр координатору Азамат🫡
Лицейибизде болуп өткөн бүтүрүүчүлөр жолугушунан фото баян.
Баса, жакынкы арада Бишкекте дагы болмокчу баарыныздарды күтөбүз✊
🎓Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Жалпыңыздарды 26-августта лицейибизде боло турган бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусуна чакырабыз!Программа:
🕔 17:00 — Тамак (жума күндүн түшкү тамагы)
🕘 19:00 — Футбол
30-июлда "Сапат" билим берүү мекемелеринин Орусияда жүргөн бүтүрүүчүлөрүнүн арасында «Достук» футбол мелдеши өттү. Ортодогу ынтымакты бекемдөө максатындагы турнирди бул жолу Каракол лицейинин бүтүрүүчүлөрү уюштурду.
Спорттун иш-чаранын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
🥇1-орун Ош+Нарын (лицейлеринен түптөлгөн команда)
🥈2-орун Талас лицейи
🥉3-орун Каракол лицейи
Мелдешке катышкан ар бир бүтүрүүчүгө жана аны уюштурган ага-инилерибизге ыраазычылык билдиребиз. Өз ара ынтымагыбыз бекемделип, эл-жер үчүн кызматыңыздар арта берсин.
Урматтуу бүтүрүүчү сиздерди лицейибизде конокто күтөбүз!
15-июлда лицейибизде 2006-жылы бүтүргөн агаларыбыз үй-бүлөлөрү менен конокто болушту. Аларга баарыбыз сүйгөн жума күндүн түшкү менюсундагы тамактар тартылып, алар окуган класстарында парталарга отуруп, эски күндөрүн эстешти. Андан тышкары мугалимдер менен баарлашып, футбол ойношту. Агаларыбыздын жыл сайын бир өткөргөн шеринесинин алкагында лицейибизде да конокто болгонуна аябай кубанычтабыз.
"Сен айылдан кетсең да айыл сенден кетпейт",-дегендей, лицейди, анда өткөн убакытты дайым эстеп, сагынып жүрөт эмеспизби. Ошондуктан лицейибиздин башка бүтүрүүчүлөрүн да окуу жайыбызда дайыма күтөбүз.
Бүтүрүүчүбүздүн сунушу:
✅Программист болууну каалагандар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк.
⬇️ PYTHON жана JAVASCRIPT-ти 4 айда үйрөнөм дегендерди төмөндөгүдөй программа күтүп турат:
🔹Тездетилген 4 айлык окутуу;
🔹Openspase зона, окутуу платформасы;
🔹24 саат онлайн китепкана;
🔹Жалпы окутуу - 4 ай
🔹Жумасына - 5 күн
🔹100ден ашык практикалык сабактар;
🔹Портфолио үчүн 4 долбоор;
🔹Ментор менен резюме даярдоо;
🔹Собеседованиеге даярдануу.
‼️БАСА, биздин сабактар онлайн/оффлайн форматта жана эртең мененки/кечки маалда өтүлөт!
🌄Эртең менеки: 9:00-11:00
🌆Кечки: 18:30-20:30
🌐 ИНСТАГРАМ БАРАКЧА ‼️dn.itacademy_‼️
📍Дарегибиз: Жоомарт Бөкөнбаев –162 (Исанова м-н кесилишет)
📞Байланыш үчүн:
+996 555 880 611 (WhatsApp)
Курман айт 2023 отчету:
Бул Курман айтта сиздер менен биргеликте 11 (он бир) баш бодо мал союлду.
Курмандыктын эттери төмөнкү жактарга таратылды:
- 158 муктаж үй-бүлөгө;
- Ак-Суудагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин мекемесине;
- Каракол шаарындагы «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүнө;
- Каракол шаарындагы «Телегей» үй-бүлөлүк балдар үйүнө;
- Үлүш ээлерине.
Жараткандын ыйык күнүндө курмандык чалып, башкалардын кубанычына себепкер болгон себепчилерге ыраазычылык билдиребиз, тапканыңыздарга береке берип, ишиңиздерди ийгилик коштосун.
