cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

Жалпы Республикалык Тест

Бул группа ЖРТ да жакшы жыйынтык алууну каалаган окуучулар үчүн арналды.

إظهار المزيد
لم يتم تحديد البلدلم يتم تحديد اللغةالفئة غير محددة
مشاركات الإعلانات
532
المشتركون
لا توجد بيانات24 ساعات
لا توجد بيانات7 أيام
لا توجد بيانات30 أيام

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

Быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайды Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Колбаев Эрлан Канатович алды. Ал 235 упай топтоду. 2021-жылы эң жогорку упайды Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарындагы Х.Карасаев лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев алган — 232 упай. Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:470870/?f=cp
إظهار الكل...
ЖРТда эң жогорку упайды бишкектик Эрлан Колбаев алды — Билим АКИpress

Быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайды Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Колб..

"27-июндан 4-июлга чейин бардык бүтүрүүчүлөр, анын ичинде кошумча этапка катышкандар дагы сертификаттарын алышат", — деп жазылат маалыматта.
إظهار الكل...
2022-2023-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 12-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жогорку окуу жайларга тандоо жана кабыл алуу үч этабта өткөрүү каралган: 1-этап 12-14-июль, саат 14.00гө чейин конкурска катышууга өтүнмөлөрдү тапшыруу; 15-17-июль, саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окууну каалагандыгын ырастоого тийиш. 2-этап 19-21-июль, саат 14.00гө чейин конкурска катышуу учун өтүнмө тапшыруу; 22-24-июлда саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окууну каалагандыгын ырастоосу керек. 3-этап 26-28-июль, саат 14.00гө чейин конкурска катышуу учун өтүнмөлөрдү тапшыруу; 29-31-июлда, саат 17.00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттер университетте окууну каалагандыгын ырастоосу зарыл. Жогорку окуу жайларга гранттык жана күндүзгү контракттык орундарга тапшыруунун мөөнөттөрү бирдей. Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөтүн окуу жайы өз алдынча белгилейт. Жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер тапшыра алат. Ал эми босого балл ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот. Конкурска катышуу учун абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди электрондук автоматташтырылган маалыматтык система "Абитуриент Online" - https://2020.edu.gov.kg/ менен тапшыра алат. Аймактардагы абитуриенттер өтүнмөлөрдү интернет аркылуу берип, конкурска катышса болот. Абитуриенттердин рейтингин чыгаруу процесси автоматташтырылган система менен жүрөт. Абитуриенттерди кабыл алуу 25-августка чейин уланат. Техникалык колдоонун номери - 1818 (иш күндөрү: дүйшөмбү -жума, саат 8:30дан 17:30га чейин).
إظهار الكل...
Абитуриент Онлайн

Суроолор-Жооптор

IMG_20220530_160940.jpg4.37 KB
IMG_20220530_160950.jpg2.14 KB
ЖРТга байланыштуу келген суроолорго жооп берүүнү улантабыз. Суроо: Окуу түшүнүүнү такыр эле түшүнө албай жатам, 30 суроонун 10у ашып барса 15и туура болуп жатат, кантип туура белгилесем болот? Жооп: Негизи бул суроого бир эле жооп алып, анан 30 суроого туура жооп берип кала албайбыз. Тесттин аты айтып тургандай, текстти окуу жана түшүнүү. Демек, бул жерде ЖРТда келген тексттерге жакшылап көңүл буруу керек. Эми ирети менен жол-жобосун түшүндүрүүгө аракет жасайлы. Биринчиден, бул бөлүмдөгү эң маанилүү обьект бул текст болуп эсептелет. Ал эми текстти кандайдыр бир автор жазат. Автор текстти эмне максат менен жазышы мүмкүн? Кандайдыр бир текстти окуп баштаганыбызда бул суроону сөзсүз коюшубуз керек. Демек ЖРТнын окуп түшүнүү тексттерин дагы кандайдыр бир автор, кандайдыр бир максатты көздөп жазат. Максаты жок, негизги ою жок текст болбойт. Текстти окуп баштаганда, бул суроону койбостон окуган болсок, анда текстти такыр эле түшүнүүгө мүмкүн эмес. Экинчиден, ошол текстти жазып жаткан авторлор, өз ойлорун, жана окурманга жеткирейин деген негизги максатын, өз тексттинде кандайдыр бир сөз каражаттарын, же болбосо жалпылап айтканда текстте колдоно турган тексттин ар кандай бөлүктөрүнөн курайт. Уста үй курууда ар кандай курулуш каражаттарын колдонгон өңдүү эле, атвор да, өз тексттин тургузуу үчүн, ар кандай каражаттарды колдонот. Демек, текст кандай бөлүктөрдөн турганын анализ кылуу керек экенин эстен чыгарбаңыз. Үчүнчүдөн, бул жерде берилген тексттер жөн гана адабият сабагындагы көркөм чыгарма эмес экенин эстен чыгарбай, бул текст аркылуу кайрадан бизге суроолор берилет экенин эстен чыгарбоо керек. Окудуңбу? Түшүндүңбү, түшүнсөң отур “5” делинбейт экенин жакшы билиңиз. Келген ар бир тексттен 10 дон суроо келерин эстен чыгарбай, келе турган суроолорго кандай кылып жооп берем дегенди да ойлоно отуруңуз. Бул жерде келген ар бир суроо, ал дагы сиздин текстти окуу жана түшүнүү деңгээлиңизди текшерет. Текстти түшүнгөнүңүздү текшерет жана суроонун өзүн түшүнгөнүңүздү кошуп текшерет. Сиз суроону түшүнбөсөңүз, текстти миң туура түшүнсөңүз деле майнап чыкпайт экенин эстен чыгарбаңыз. Төртүнчү маселе, эми ар бир вариантты кылдат карап чыгыңыз. Алгач мүмкүн болсо, суроого жараша туура жооп мындай болушу ыктымал деп, өз оюңузда дагы туура жоопту тапканга аракет кылыңыз. Бул учурда туура жооп текстке гана байланыштуу болот. Мен билем, туурасы ушундай деп ойлогонубуз такыр туура болбойт. Ошо, кыскасы текстти туура анализ кылууну жакшы өздөштүрүңүз, велосипед тепкенди үйрөнөм деп, аны сатып алып үйгө коюп койсоңуз эле үйрөнүп кетпейсиз. Аны практика жүзүндө, тээп үйрөнүш керек. Андыктан сиз дагы колуңузга текст алып, аны анализ кылып көрүп баштаңыз.
إظهار الكل...
Photo unavailableShow in Telegram
اختر خطة مختلفة

تسمح خطتك الحالية بتحليلات لما لا يزيد عن 5 قنوات. للحصول على المزيد، يُرجى اختيار خطة مختلفة.