ar
Feedback
Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

الذهاب إلى القناة على Telegram

Программалоо боюнча маалыматтар! Flutter боюнча, Web иштеп чыгуу боюнча, IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда Биз менен байланышыңыз: https://turatalybaev.taplink.ws

إظهار المزيد
826
المشتركون
-124 ساعات
-37 أيام
-1230 أيام
أرشيف المشاركات
👋🏻 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым. 🔹 Кечээ Ысык-Көлгө болгон сапарыбызды, жана эс алуубузду жаздым эле. Бүгүн болсо, 2-жылы Талас облусуна болгон сапарыбызды улантып жатам. Окуп, комментарий жазып, класстан басып коюңуздар. 🥳 2-жыл Талас облусу ✅ Экинчи жылы дагы бир маршрут адам болуп, топтолуп алып, Кыргыз рухунун, духунун борбору болгон, Манас атабыздын жери, далай атактуулар чыккан Талас облусуна сапар алдык. Ал жакта Беш-Таш мамлекеттик коругуна барып, телефон тартпаган, интернет тынчыңды албаган сонун жайлоодо конок болуп калдык. ✅ Бирок ал жерде жөн жата бербей, күндүзү чыгып алып, Талас облусун кыдырып, айтылуу Айтматов атабыздын айылы Шекерге чейин барып, айылдын маданият үйүндө орун алган Айтматовдун жана айыл чыгаандарынын, Ашым Жакыпбеков атабыздын музейлери менен тааныштык. Сүрөткө түштүк, баарлаштык, чер жаздык, ойнодук. Кайтып келе жатып, Кара-Буура суу сактагычка кайрылдык. ✅ Эртеси Таластын токоюн араладык, Манас ордого зыяратка бардык, Кароол дөбөгө жарышып чыктык. Манас ордо тарапта, жолдун боюнча боз үй тигип, куурдак жасаган кууруган апа бар, мен ар Таласка барганымда сөзсүз ошого кайрылып куурдак жегенге аракет кылам, бул ирет дагы командабыз менен апабыздын куурдагына курсакты кампайтып, анан Бишкекти көздөй сапар алдык, кыскасы Таласта да 2-жылдын саякаты абдан кызыктуу болду. ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол шаары, 2026-жыл.

👋🏻 Ассалоому алейкум, амансыздарбы урматтуу окурмандарым! 🔹 Биздин командабыз, окуучуларыбыз жана негизи эле каалоочулар менен биргеликте 4 жылдан бери, өлкөбүздүн бир облусуна барып саякаттап жана эс алганча АйТи тармагында тажрыйба алмашып келип жүрөбүз. 🔹 Кечээ ошол мурунку сүрөттөрдөн бир топ сторис кылып чыгардым. Чынында сонун эсте каларлык окуялар, эсте каларлык иш-чаралар болуп өтүптүр. Бул постко дагы сүрөттөрдү жайгаштырып коем, шашпай ар бирин көрүп коюңуз. 🥳 1-жыл ✅18 адам болуп бир маршрутка толуп алып, Ысык-Көлгө жөнөдүк. Бишкектен чогулуп, түз эле Караколго келип жайгаштык. Караколдун жаңы ачылган “Сулайман” мейманканасынын дагы алгачкы коногу болуп, алар үчүн дагы сыйлуу конок болуп калдык. Бул күнү Караколду кыдырып, Зоопаркына бардык, Караколдун пляжына барып, бир аз сууга да түшүп алдык. Андан келе жатып, бир чакан балык фермага кайрылып конок болуп кайттык. ✅ Эртеси Караколдон чыгып, Жети-Өгүзгө сапар алдык, бир күнү кечке ал жакта ойноп күлүп эс алып, кайра-кайра сүрөткө түшүп, караколдук окуучуларыбыздын сыйын көрүп, бышырган балыктарын жыргап жедик. Көк-Жайыктын төрүндөгү шаркыратмага чейин жөө жалаңдап барып, абдан кызыктуу убакыт өткөрдүк. ✅ Кечте келип, чарчап чаалыгып жатып калдык, бирок жаштарыбыз чарчачудай түрү жок, түн жамынып айдоочубузду айдатып алып, Ак-Суунун ысык суусуна барып түшүп дагы жетише калышты. ✅ Эртеси күнү Сулайман мейманканадан таңы тамактануубузду кылып, жолго сапар алдык, сапарыбыз Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий борборунда уланды, ал жерди дагы кыдырып, бүткөн соң, Чок-Тал айылына жетип, ал жерде сууга абдан түшүп, түштү тамактанууну кылдык дагы, ошону менен Бишкекке жетип келип алдык. ⚠️ Эртең болсо, 2-жылыбыздын посттун чыгарам, сиздер лайктан басып, комментарийден жазып туруңуздар! ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. Каракол ш. 2026-жыл.

Буюрса дагы бир заказыбыз аягына чыгууда, кардарыбыз ыраазы болуп, өткөрүп алып жатат. Кардардын ыраазы болгону бизди ченемси
Буюрса дагы бир заказыбыз аягына чыгууда, кардарыбыз ыраазы болуп, өткөрүп алып жатат. Кардардын ыраазы болгону бизди ченемсиз кубандырат.

https://appitcompany.com/ Жекшемби күнү бош отурбай, компаниянын сайтын жасамыш этип койдум.

https://apps.apple.com/kg/app/kuimakulak/id6758726348 KuimaKulak Куйма Кулак мобилдик колдонмобуз App Store го чыгып, кубаныч
https://apps.apple.com/kg/app/kuimakulak/id6758726348 KuimaKulak Куйма Кулак мобилдик колдонмобуз App Store го чыгып, кубанычыбыз койнубузга батпай турат! App Store 1 айга жакын кыйнап отуруп, акыры кабыл алды. Эми кезек, Play Market теги эски версиябызды кайрадан жаңыртып коюу гана калды. Көчүрүп алып, жакшы ой пикирлерди жазып коюңуздар, себеби алгачкы 10-20 пикир жакшы болушу App Store дун алгоритимдери үчүн өтө маанилүү экен.

💻 Жасалма интеллект менен сайт же приложение жасаса болобу? 🤲 Интернетте 1 айда мобильный приложение жасаганды үйрөн, веб сайт жасаганды тез эле үйрөтөм деген рекламаларды көрүп бир аз жаным кейийт. ⚡️ Ооба, негизи вайб кодиң менен веб сайттарды же мобилдик колдонмолорду бир заматта жасап койсо болот. Бул нерсени пайдаланып азыркы учурда хайп кылып, акча жасап калып жаткандар бар. Эми алар өз бизнесин кылып жатат, бир нерсе дей албайм. Бирок Кудай алдында, адамгерчилик алдында кандай сезимде окутуп жатышат деген ойдо калам. 🧠 Дагы бир жолу айтайын, ооба тез арада веб сайт же мобилдик колдонмо жасап койсо болот. Бирок баары бир ал туруктуу иштеши үчүн, же колдонмону, веб сайтты өнүктүрүү үчүн, мобилдик колдонмонун концепциясын, архитектурасын түшүнбөй туруп, таза код, таза архитектура түшүнүктөрүнө ээ болбой туруп аны кантип өнүктүрүп кетесиз? Демек сиз дагы деле программалоону өздөштүрүшүңүз керек, бирок албетте эски адат менен эмес. 🔥 Сөздүн кыскасын айтканда, “вайб кодиң хайп кодиң болгону менен, баары бир хард воркиң экен” деп бир таанышым айткандай, вайб кодиңди үйрөнө калсаңыз эле, мыкты программист болуп калбайсыз, жакшы окуңуз. Хайптан алыс болуп, мыкты адис болуунун аракетин көрүңүз! ✍🏻 Турат Алыбай - агартуучу, програмчы 📍 Каракол шаары, 25-март, 2026-жыл

⚖️ Эстүү эркектин уктаганы 🤲 Илгери ыраматылык чоң энем көп айтар эле, “эстүү эркек, эстен кетип уктабайт” деп. Көрсө биз ушундай тынч заманда жашайлы деп, биздин ата-бабаларыбыз, таш жазданып жатып, ээр жазданып, тердик жамынып жатып, душмандан жерин коргоп, элин коргоп турчу турбайбы. 😴 Азырчы, азыр кандай болду? Эркектин баары баатыр, жатса коңурукту кош тартып уктайбыз, эстен кетип, шилекейди куюлтуп, өзүбүздү жоготуп, эстен танып уктайбыз. Биздин минтип уктап жатканыбызга ошол тынч заманды куруп берген, канын, жанын курман кылган аталарыбыздын эле мээнетиби? 🤔 Ойлоп көрсөм, азыр аял байкуш тынч алып уктай албайт экен. Кымырылып кырынан эле жатат, бутун сунуп уктап калса, балам эмне болот, үйдүн кредити кантет, эртеңкиге эмнебиз бар, бүгүн эмне кылдык деп жоопкерчилик менен жатат экен. 👩‍💼 Байкуш аялдар, АйТи курста окуп жаткан аялдар, айдоочулук мектепте экзамен тапышырып, улам кулап жаткан аялдар, базарга барсаң товарды тандап жаткандын 90 пайызы аялдар, сатуучунун деле ошончосу аялдар. Кайда барсаң аракет кылып жаткан аялдар, жоопкерчиликтин баарын өз жонуна артып алып, бар аракетти кылып жүргөн байкуш аялдар. А эркектер эмне кылдык, жоопкерчиликтин жогунан, коңурукту тартып, шилекейди агызып уктадык. ⚔️ Бул заманда көпчүлүк эркектер калкым дебей алкым деп, урпак дебей, курсак деп гана жашап калдыкпы. Ошондуктан аялдар илгерки биздин баатыр ата-бабаларыбыздай болуп баатырдыкты, эрдикти өз мойнуна алып калыштыбы деген ой келбей койбойт экен. 🔥 Ошондо эркектер эркектин кылып, өз милдетибизди кайрадан моюнга алып, уйкудан баштайбызбы же, ушул уктаган бойдон уктап кете беребизби? ✍🏻 Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. 📍 Каракол шаары, 27-февраль, 2026-ж. #тураталыбаев #Программисттер

https://youtu.be/7HaCPhZG9ho?si=t_MvVc06yyUleUsA Кечээ болгон он-лайн жолугушуунун видео жаздыруусу

Бүгүнкү сабакка GPT дос экөөбүз ушундай кыскача конспект даярдап алдык. Мындан ары, ар бир сабакка ушундай конспект даярдап т
Бүгүнкү сабакка GPT дос экөөбүз ушундай кыскача конспект даярдап алдык. Мындан ары, ар бир сабакка ушундай конспект даярдап турууга бел байлап жатам 😁

Дуолинго Супердин артыкчылыктары ушундай! 1. Жеке сабактар. 2. Түгөнүп калбай турган жан. 3. Реклама чыкпайт,
Дуолинго Супердин артыкчылыктары ушундай! 1. Жеке сабактар. 2. Түгөнүп калбай турган жан. 3. Реклама чыкпайт,

📚 Студенттердин майрамы куттуу болсун! 🤲 Ассалоому алейкум, урматтуу студенттер, бүгүнкү “Студенттер күнү” майрамыңыздар куттуу болсун! 🎓 Өзүм студент кезде кыйратып деле майрамдаган эмесмин, 1-курста гана студенттерди кабыл алуу концерти болуп, ошондо аябай чоң майрам болгон, калганы эсимде деле жок. ✨ Студентке жакшы сөз, жакшы бир куттуктоо деле чоң дем-күч болот, студент экенине сүйүнөт. Бардык студенттерди, айрыкча окуу жайды бүтүп же Орусияда иштеп жүрүп деле өзүн өнүктүрүп, өз алдынча тынымсыз билим алып жаткан, окуунун даамын таткан бардык студенттердин майрамы куттуу болсун! 🎉 Башка көп эле майрам болот, майрамдарга куттуктоо деле жазбайм, бирок бул майрам өзгөчө майрам. Себеби окуган адамдар гана, билим-илим менен сугарылган адамдар гана өлкөбүздү өнүктүрө алат деп ишенем. Андыктан ар бир окуп жаткан мекендешим билимди чын дил менен алыңыздар, өзүмө жана өлкөмө пайдалуу болоюн, ушул кесиптин мыктысы болоюн деген жакшы ниет менен окуңуздар! 🌟 Дагы бир жолу, жалпы студенттердин майрамы куттуу болсун! Ийгиликтерди жана окуудагы жетишкендиктерди каалайм! ✍️ Турат Алыбай, агартуучу, програмчы. 🏙 Каракол шаары, 17-ноябрь, 2025-жыл.

🌿 Биздеги өксүк! – Чубак ажыбыздан таасирлене бул постту жаздым. 💬 Бүгүн инстаграмда "Насаат медианын" видеолорун көрүп отуруп, ыраматчылык Чубак ажыкебиздин “Биздеги өксүк” деген кыскача видеосун угуп калдым. 📚 Азыр биздеги эң чоң өксүк — окуу. Биз окубай калдык. Балдарыбызга, кийинки муундарыбызга окууга шарт түзүп бербей жатабыз. Балдарыбыз эптеп эле 11-классты бүтсө Орусияга кетирип, акча тапса деп жатабыз. 💸 Алардын тапкан акчасы менен дүйнөнүн өксүгүн жабат белең, алардын тапкан акчасын аш-тойго жумшап, өлчөйтүп алып алган кредитти эле жаап, балдарыбыздын, кыздарыбыздын ден соолугун соолутуп, келечегине балтаны чаап, Орустардын орой мамилесине сугарып, акыр аягы аларды да жараксыз, жашоого позитивдүү көз карашы жок, бир байкуш кылып талаага таштап жатабыз. 🙇‍♂️ Бул айтып жатканым түз бирөөгө тиешеси жок, же балдарын жакшы карап, алардын келечегин курайын деп, мектептен-мектеп тандап окутуп, балдары үчүн каражанын карч уруп жүргөн ата-энелерди күнөөлөбөй элемин. Бирок, тилекке каршы көпчүлүк көңүл кош карап, балдардын билим алуусуна кайдыгер мамиле кылып жаткандарын гана айтып жатам. 😔 Ооба, азыр адамдар акыл айта берген, курулай акылдуулардан тажап турат, анын арасында мен деле тажадым, өзү өмүрүндө бир куурай сайып койгон эмес, оозду чоюп акыл айтса, Маскөөнү ушул курганбы деп ойлоп калат экенсиң ай. 🕊 Алардын катарын толуктап, мен дагы курулай акылдуу болгум келбейт, бирок жок дегенде өзүм колумдан келишинче билимге басым жасап келем, бир-эки адам болсо да, илимге ыктап калса деп, аракетимди жасап жүрөм. 📺 Көпчүлүк азыр көңүл ачуучу жеңил-желпи нерселерге жакын болуп алдык, окуу десе жаа бою качып, кайдагы бир, пайда батасы жок комедияларды, ит-мышыктардын видеолорун, мага окшогон чала блогерлердин пайдасыз видеолорун көрүп, аларга оң тетири комментарий жазып гана убакыт өткөрүп калганбайбыз. 💭 Келиңизчи урматтуу окурманым, ушул посттон бир пайда алган болсоңуз комментарий калтырып коюңузчу, мен сүйүнүп калайын, 100 миңдеп көрбөсө койсун, 10–15 адам көрүп, *“баламды окутуп жатам”* деп койсо, көңүл тоюп калсынчы. ✍️ Турат Алыбай – агартуучу, програмчы. 🏙 Каракол шаары, 9-ноябрь, 2025-жыл.

Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты - إحصائيات وتحليلات قناة تيليجرام @kyrgyz_developer