cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

ИСЛАМ ТААНУУ

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

إظهار المزيد
Advertising posts
3 484المشتركون
لا توجد بيانات24 hour
-107 يوم
-6330 يوم

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

Даараттын алдында айтылуучу дуба. Абу Хурайрадан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ  айтты: "Кимде-ким даараттын алдында Аллахтын атын эскербесе анын даараты даарат эмес". 📚 Абу Дауд 101. 📚 Ибн Мажах 398. Хаким, Ибн Касир ж'а Албани хасан дешкен. بِاسْمِ اللهِ "Бисмиллах" Аллахтын аты менен (баштаймын). Даараттан кийин айтылуучу биринчи дуба. Умар ибн Хаттабдан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ  айтты: "Силердин касы бириңер дааратты толук көркөм алып андан соң Ашхаду ал-лаа илааха иллаллоху уахдаху лаа шарийка лаху уа ашхаду анна мухаммадан 'абдуху уа  росуулуху"- деп айтса ага жаннаттын сегиз эшиги ачылып каалаганынан кирет". 📚 Муслим 234. أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ Ашхаду ал-лаа илааха иллаллоху, уахдаху лаа шарийка лаху уа ашхаду анна мухаммадан 'абдуху уа  росуулуху. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Ал жалгыз Анын шериги жок жана Мухаммад Аллахтын кулу жана Элчиси экенине күбөлүк беремин! Даарат алууда айтылуучу экинчи дуба. Умар ибн Хаттабдан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: Кимде ким көркөм даарат алып андан соң Ашхаду ал-лаа илааха иллаллоху,  уахдаху лаа шарийка лаху уа ашхаду анна мухаммадан абдуху уа росуулуху жана Аллахумма-ж'алнии минат-таууаабийна уаж'алнии минал-мутатоххирийн деп айтса ага жаннаттын сегиз эшиги ачылып каалаганынан кирет. 📚 Тирмизи 55. Ибн Коййим Шуъайб Арнаут Албани сахих дешкен. اللَّهُمَّ اجْعَلْنِي مِنَ التَّوَّابِينَ وَاجْعَلْنِي مِنَ الْمُتَطَهِّرِينَ Аллахумма-ж'алнии минат-таууаабийна уаж'алнии минал-мутатоххирийн О Аллахым мени көп тооба кылуучулардан жана (кирден нажастан) тазалануучулардан кылгының! Даараттан кийин жогорудагы эки дубаны тең айтса болот Даарат алганда ар бир мүчөнү жуганда айтыла турган дубасы барбы? Ахлу сунна аалымдар: Дааратта ар бр мүчөөнү жуганда айтылуучу эч кандай дуба келген эмес, кээ бир карапайым адамдар жүзүн жуганда О Аллахым жүздөр карайган күнү менин жүзүмдү агарткын же эки колун жуганда, О Роббим амал китебимди сол колуман бербей оң колуман бергин жана башка ар кандай дубаларды кылышат бирок бул дубаларга сүннөттөн эч кандай сахих далил келген эмес ошондуктан бул бидаат болуп эсептелет деп айтышкан. Даараттан кийин эмне үчүн О Аллахым мени көп тообо кылучулардан жана тазалануучулардан кылгын деп дуба кылынат? Себеби Аллах  таала көп тообо кылыуучулар менен жүрөгүн ширктен денесин кирден, заарадан ж.б нажас нерселерден таза алып жүргөн кулдарын жакшы көрөт буга далил Куранда: {إِنَّ ٱللَّهَ یُحِبُّ ٱلتَّوَّ ٰ⁠بِینَ وَیُحِبُّ ٱلۡمُتَطَهِّرِینَ } "Чындыгында Аллах көп тообо кылуучулар менен нажастан тазалануучу кулдарын жакшы көрөт"-деп айкан.
إظهار الكل...
👍 11
Чүчкүргөдө айтылуучу дуба. Абу Хурайрадан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ  айтты: Эгерде силердин бирөөңөр чүчкүргөн болсо "алхамдулиллах" деп айтсын! Аны уккан жолдошу ага ярхамукаллох деп дуба кылсын! Кийин чүчкүргөн адам дуба кылган адамга яхдийкумуллох уа юслиху баалакум деп жооп кайтарсын! 📚 Бухари 6424. Чүчкүрүүчү: الْحَمْدُ لِله Алхамдулиллах. Аллахка мактоолор болсун. Угуучу: يَرْحَمُكَ الله Ярхамукаллох. Аллах сени өз рахматына алсын. Чүчкүрүүчү жооп кайтарып. يَهْدِيكُمُ اللَّهُ وَيُصْلِحُ بَالَكُمْ Яхдийкумуллох уа юслиху баалакум Аллах сени туура жолго баштап абалыңды оңдосун! Чүчкүрүүчү алхамдулиллах деп айтпаса ага ярхамукаллох деп айтылабы? Жок айтылбайт! Себеби Анас ибн Маликтен келген хадисте Аллахтын Элчисинин ﷺ  алдында эки адам чүчкүрүп бири алхамдулиллах деп Аллахка мактоо айтканда Аллахтын Элчиси ﷺ ага ярхамукаллох деп дуба кылган. Ал эми экинчиси чүчкүрүп бирок алхамдулиллах деп айтпаганы үчүн ага дуба кылган эмес кийин ал эмне үчүн мага дуба кылбадыңыз деп сураганда Аллахтын Элчиси ﷺ: "Сен чүчкүргөндөн кийин Аллахка мактоо айтпадың"- деп жооп берет. 📚 Муслим 2991. Эмне үчүн чүчкүрүүчү  алхамдулиллах деп Аллахка мактоо айтат? Аалымдар айтышат: Адамдын мурдунун көңдөйүндө зыяндуу нерселер жыйналганда Аллах Таала аны чүчкүрүү жолу менен чыгарып салат эгер ал көңдөйдө калганда кээ бир ооруларга себеп болуп кандайдыр бир деңгээлде адамга зыянын бермек, мусулман ошол нерсени Раббысы жеңил жол менен чыгарып салганы үчүн алхамдулиллах деп Аллахка мактоо айтат. Чүчкүрүүчү алхамдулиллах айтканда эмне үчүн уккан адам ярхамукаллох деп дуба кылат? Чүчкүрүүчү мусулман көңдөйүндөгү зяндуу нерселерди кетирген Аллахка алхамдулиллах деп мактоо айтып сүннөткө амал кылгандыгы үчүн угуучу мусулман ага ярхамукаллох деп дуба кылат.
إظهار الكل...
👍 6🎉 1
👍 10
Мечитке кирүүнүн алдында айтылуучу дуба Абу Хумайддан риваят: "Аллахтын Элчиси айтты: "Эгерде силердин бириңер мечитке кирүүнү кааласа Аллахумма-фтах лии абуааба рохматик"",- деп айтсын! 📔Муслим 713 اللَّهُمَّ افْتَحْ لِي أَبْوَابَ رَحْمَتِكَ Аллахумма-фтах лии абуааба рохматик Оо Аллахым мага рахмат эшиктериңди ачкының! Мечиттен чыкканда айтылуучу дуба Абу Хумайддан риваят кылат: "Аллахтын Элчиси, эгерде силердин бириңер мечиттен чыгууну кааласа "Аллахумма иннии асалука мин фадлик" деп айтсын". 📔Муслим 713 اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ Аллахумма иннии асалука мин фадлик Оо Аллахым мен сенден (ырыскы издөөдө) кеңдигиңди сураймын Эмне үчүн мечитке кирерде Аллахтын рахматы, ал эми чыгарда Аллахтын кеңдиги суралат? Биринчиден: Мечит бул соода-сатык кылып дүйнөнү ойлоно турган орун эмес. Ал жер эң урматтуу болгон жүзүн жерге тийгизип жети мүчөсү менен сажда кылып Аллахка жалынып жалбарынып дуба кылчу таза орун. Экинчиден: Мечитке кадам таштары менен дароо Аллахтын рахматын суроонун хикматын аалымдар мындайча түшүндүрүшөт: Мусулман дүйнөдө жазылган өмүрүн жашап акыретке бет алганда Аллах Өз рахматына алып жасаган бардык күнөөлөрүн кечирип койушу - бул ал үчүн баа жеткиз чоң нээмат болуп эсептелет деп айышкан. Буга далил Аллах Таала Куранда мындай деп айтат: "Аллахтын кечирими менен рахматы алардын дүйнөдө  жыйнаган бардык байлыктарынан жакшы" (Зухроф: 32) Ал эми мусулман мечитте акыретин оңдоп Аллахтын кеңдигин сураса, сыртка чыккандан кийин адал ырыскы издеп дүйнөсүн оңдой, ошон үчүн Аллах Таала Куранда: "Намаз окулуп бүткөндөн кийин Аллахтын жазган ырыскысын издеп жер бетине тарагыла жана Аллахты өтө көп эстегиле, ошол себептүү ийгилике (Бейишке) жетесиңер",- деп дүйнө жана акыретке бирге көңүл бурууга буйруган. (Жума:10)
إظهار الكل...
👍 9
Үйгө кирүүнү алдында айтылуучу дуба. Жабир ибн Абдуллахтан риваят, Аллахтын Элчиси  ﷺ  айтты: Эгерде силердин бириңер үйүнө күрүүнүн жана тамак жештин алдында "Бисмиллах" деп айтса шайтан өзүнүн шериктерине бүгүн силерге бул үйдө кечки тамакта жана жата турган жай дагы жок деп айтат.   Ал эми "бисмиллах" деп айтпаса шайтан:  Бүгүн силерге бул үйдө жата турган жай да жана кечки тамак да бар деп айтат. 📚 Муслим 2018. بِاسْمِ اللهِ "Бисмиллах" Аллахтын аты менен (киремин). Үйгө кирүүнүн алдында айтылуучу башка экинчи дуба бар бирок анын иснады алсыз. Абу Малик Аш'арийден Бисмиллахи уалажнаа уа бисмиллахи хорожнаа уа 'алаллохи  роббина тауаккалнаа деп айтып кийин үй ээлерин салам берсин! 📚 Абу Дауд 5096. بِاسْمِ اللهِ وَلَجْنَا، وَ بِاسْمِ اللهِ خَرَجْنَا، وَ عَلَى اللهِ رَبِّنَا تَوَكَّلْنَا Бисмиллахи уалажнаа уа бисмиллахи хорожнаа уа 'алаллохи  роббина тауаккалнаа. Аллахтын аты менен кирип Аллахтын аты менен чыктык жана раббыбиз Аллахка тобокел кылдык. Бул хадисти Албани, Шу'айиб Арнаут ж.б мухаддис аалымдар дайиф (алсыз) деп өкүм беришкен бирок кээ бир аалымдар хасан дешкен ошолордун бири шейх ибн Баз да хасан деп көргөн  туурасы сахих хадиске амал кылып бисмиллах деп гана айтылат. Ал эми кээ бир тугандар хасан деп көргөн  аалымдардын өкүмүнө сүйөнүп экинчи хадиске амал кылган болсо  кайтарылбайт. Үйдөн чыкканда айтылуучу дуба Анас ибн Маликтен риваят, Аллахтын Элчиси  ﷺ   айтты: Эгерде мусулман үйүнөн чыкканда "бисмиллахи тауаккалту 'алаллоохи лаа хаула уа лаа кууата илла биллаахи"-деп айтса ага периште тарабынан: "Чындыгында сен бул дуба себептүү туура жолго башталдың, баардык муктаждыгыңа жеткиликтүү болду жана жамандыктардан корголдуң деп айтылат.  Кийин шайтандар анын жолунан четтешип башка шайтанга сен Аллахты зикир кылуу менен туура жолго салынган, зыяныңа жеткиликтүү болгон жана азгырууңан корголгон адамды кантип адаштыра аласың деп айтат. 📚 Абу Дауд 5095. Тирмизи 3426 Шуъайб Арнаут хасан деген. بِاسْمِ اللَّهِ تَوَكَّلْتُ عَلَى اللَّهِ لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ Бисмиллахи тауаккалту 'алаллоохи лаа хаула уа лаа кууата илла биллаахи. Аллахтын аты менен өзүнө тобекел кылдым, бир жерден экинчи жерге кыймылдоо жана  жакшы амал кылууга күч алуу Аллахтын жардамы менен гана болот. Дуба айтууну артыкчылыгы. 1) Үйгө кирүүнүн алдында дуба айтуу шайтан жана анын шериктеринин үйгө кирүүсүнөн тосот, баарыбызга белгилүү болгондой шайтан жааматы менен үй кирсе үй бүлөнү тынчтыка чакырбайт тескерисинче  ызы-чуу, талаш, мушташ, ажырашуу ж.б баардык жамандыктарды кылууга колунан келишинче аракет кылат. 2) Үйдөн чыкканда айтса шайтан шериктерине бул адамдын артынан түшпөй эле койгула, себеби ал Аллах тарабынан корголгон деп айтат мына ушудан улам ал үйүнө кайтканча алардын зыяндарынан тынчтыкта болот.
إظهار الكل...
👍 14
Тамактын алдында  айтылуучу дуба Аиша Энебизден риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси айтты: "Силердин бириңер тамак жешти кааласа Аллахтын атын менен "бисмиллах" деп айтсын, Ал эми башында унутуп калса (ортосунда же аяк жагында)  "бисмиллахи фии аууалихи уа аахирихи"",- деп айтсын. 📚Тирмизи 1858, Абу Дауд 3767 Албани, ибн Коййим сахих деген بِاسْمِ اللهِ Бисмиллахи Аллахтын аты менен (тамактанам) Тамактын алдында айтууну унутуп калса ортосунда эстегенде ушул дуба айтылат بِاسْمِ اللهِ فِي أَوَّلِهِ وَآخِرِهِ Бисмиллахи фии аууалихи уа аахирихи Башында да аягында да Аллахтын аты менен (тамактанам) Тамактан кийин айтылуучу дуба Му'аз ибн Анастан риваят, Аллахтын Элчиси айтты: "Кимде ким тамактан кийин "Алхамду лиллахил-лазии ат'амани хаза уа розоканийхи мин гойри хаулин минни уа лаа кууатин" деп айтса анын өткөн күнөөлөрү кечирилет",-деди. 📚Абу Дауд 4023, Тирмизи 3458 Хаким жана Албани хадисти хасан дешкен الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَطْعَمَنِي هَذَا وَرَزَقَنِيهِ مِنْ غَيْرِ حَوْلٍ مِنِّي وَلَا قُوَّةٍ Алхамду лиллахил-лазии ат'амани хаза уа розоканийхи мин гойри хаулин минни уа лаа кууатин Мени эч кандай кыймылдоосуз жана күч жумшоосуз ушул тамак менен тамактандырган Аллахка чексиз мактоолор болсун! Аллахтын атын айтуунун артыкчылыгы 1) Тамак береке бирилет. Буга далил: Аллахтын Элчиси ﷺ сахабалары менен тамактанып олтурганда бир адам келип зикир айтпастан тамактанат, ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: "Эгерде бул бисмиллах деп айтканда тамакка береке берилип баарыңарга жетмек",- деп айтат. 2) Шайтан тамагына шериктеш болбойт, хадисте: "Кимде ким тамакты Аллахтын аты менен баштаса  шайтанга ал үйдө тамак болбойт",- деп келген.
إظهار الكل...
👍 17
Ажатканага кирүүнүн алдында айтылуучу дуба. Анас ибн Малик (Аллах андан раазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси ажатканага кирүүнү кааласа "Аллахумма иннии а'уузу бика минал-хубуси уал-хобааис" дап айтаар эле! Бухари 142 Муслим 375 اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْخُبُثِ وَالْخَبَائِثِ Оо, Аллахым! Мен сенден эркек жана ургачы (жиндерден болгон) шайтандардын жамандыгынан коргооңду сураймын. Ажатканадан  чыкканда айтылуучу дуба. Аиша Энебиз (Аллах андан раазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси ажатканадан чыкканда "гуфроонака" деп айтаар эле! Тирмизи 7. Абу Дауд 30. Тирмизи хасан Албани Сахих деген. غُفْرَانَكَ Гуфроонака Оо, Аллахым күнөмдү кечирүүңдү сураймын. Мусулман ажатканадан чыкканда Аллахтан күнөөсүн кечиришин эмне себептен сурашат? Аалымдар бул суроого мындай деп жооп беришет. 1) Мусулман Аллахты ар бир абалында зикир кылып жүргөндүктөн ушул убакытта зикир кыла албай калгандыгы үчүн чыкканда кечирим сурайт. 2) Курсагын (ичин) эч кандай кыйынсыз бошотконуна татыктуу шүгүр айта албагандыгы үчүн кечирим сурайт себеби ичтеги нажас же заара же желдин чыкпай калуусу адам үчүн чоң азап болот эле  деп айтышкан.
إظهار الكل...
👍 21
👍 17
Шаууаль айында алты күн орозо тутуу Абу Аюуб Аль-Ансорийден (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, андан кийин шаууаль айында алты күн артынан орозо кармаса - бир жыл орозо кармагандай болот." 📚Муслим 1164 ❓Өкүмү кандай? - Сүннөт. Ким кармаса бир жыл толук орозо кармагандай сооп алат. Ал эми ким таштаса күнөөкөр болбойт. ❓Качан кармоо керек? - Айт майрамынын эртеси, экинчи күнү эле кармап башталат ал эми Айт күнү орозо кармаганга болбойт. ❓Канча күн кармоо керек? - Алты күн орозо кармалат. ❓Бөлүп-бөлүп кармаса болобу? - Ооба. Шаууаль айынын башында, ортосунда, аягында бөлүп-бөлүп кармаса болот. ❓Кандай кармаганы жакшы? - Айттан кийин, Шаууаль айынын башында, бөлбөй жана катарынан кармаган жакшы. ❓Рамазандан карызы барлар кармай берсе болобу? - Рамазан айынан карызы барлар ошол казасын өтөп бермейинче кармаганга болбойт. Себеби хадисте Рамазанды кармап анан артынан алты күн кармаса деп айтылган. Ошол үчүн карызын шаууаль айында өтөп анан алты күнгө жетишсе, кармаса болот. ❓Баштаган адам бүтпөй калса күнөкөр болбойбу? - Жок. Мунун өкүмү - сүннөт. Колдон келишинче жакшы ниет менен кармай берүү керек. Бир себептерден улам толук бүтпөй калсаңыз күнөөкөр болбойсуз. Тескерисинче, эки же үч күн болсо дагы ал үчүн сооп аласыз. ❓Бул алты күндү кармаганда Рамазандагы карызымды да ниет кылып кармасам экөөн тең кутулууга болобу? - Жок, андай болбойт! Моюнуңузда парз орозо турганда сүннөт орозо менен алектенбеңиз, биринчи казаны бүтүрүп анан алты күндү кармаңыз, бешимдин парызы менен сүннөтүн кошуп бирге окуу мүмкүн болбогон сыяктуу эле болбойт, ал эми кээ бир адамдардын кошсо болот деген сөзүнө көңүл бурбаңыз, ал туура эмес. ❓Шаууаль деген эмне? - Шаууаль деген Рамазан айынан кийинки айдын аты. ❓Сообу кандай? - Бир жыл толук орозо кармагандай сооп берилет. __ 🖌 Талас Артыкбаев 👉 //t.me/islamtaanuu
إظهار الكل...
👍 18
👍 21🎉 7