cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

إظهار المزيد
مشاركات الإعلانات
3 883
المشتركون
+324 ساعات
-57 أيام
-1230 أيام

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

02:51
Video unavailableShow in Telegram
Катталыңыз! ➤➤ https://t.me/ummot_media
إظهار الكل...
IMG_7290.MOV33.63 MB
😢 1
🔰 ЫРААЗЫ БОЛУУ Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим. 🌴 АЯТ: "Аларга Жараткан Эгеси тарабынан төмөн жактарында дарыялар агып турган бейиш бактары түбөлүккө сыйлык үчүн берилет. Аллах аларга ыраазы болот жана алар да Аллахка ыраазы болушат. Бул - Жараткан Эгесинен корккон такыбаалар үчүн гана". ("Баййина" сүрөсү; 8-аят) 🌴 ХАДИС: "Адам баласынын бакытка жетишинин бир себеби бул Аллах Тааланын өкүмүнө ыраазы болушу. Ал эми (жашоосуна наалып) арызданышынын бир себеби - Аллах Таалага истихара кылбашы (кандайдыр бир ишти жасап-жасабоо үчүн эки ирекет намаз окуп Жаратканга кайрылбашы)..." (Саад Ибн Абу Ваккастан, Кутубу Ситта, 4840) 🌴 ОКУЯ: "АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ БААРЫНАН МААНИЛҮҮ! Аллахтын сүйүктүү бир пендесинен сурашат: - Чын ыкласты кимден үйрөндүңүз? Анда ал минтип жооп берген экен: - Мекке шаарында жүргөндө чөнтөгүмдө бир тыйын калбай калган болчу. Басрадан акча күтүп жаткам, бирок ал акча келбей кечигип жаткан. Чачы-башым саксайып, сакал-мурутум өсүп кеткен. Бир чачтарачка кирип ачыгын эле айтайын деп: “Чөнтөгүмдө бир тыйын акчам жок. Аллах ыраазычылыгы үчүн чачымды кыскартып бере аласызбы” - дедим. Чачтарач ошол маалда бир кызматчынын чачын алып жатыптыр. Аны таштай салып, менин чачымды ала баштады. Тигил киши каршылык көргөздү. Чачтарач: - Таксырым, айып көрбөңүз, — деди, - сиздин чачыңызды акысын төлөгөнүңүз үчүн алып жатам. Ал эми бул адам Аллахтын ыраазычылыгы үчүн суранып жатат — деп жооп берди. Чачтарач менин чачымды кыскартып гана тим болбостон мага бир чөнтөк акча да берди. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин күтүп жаткан акчам келип калды. Ага бир кесе алтын алып барсам, - Кереги жок, ишенип кой! Мен үчүн Аллахтын ыраазычылыгы баарынан маанилүү! - деди. 📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен” Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️ Бизге катталыңыз!☟︎ 🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋 ━━━━━━━━━━━━━━ 📍 instagram.com/ummot_media 📍 t.me/ummot_media 📍 youtube.com/c/UmmotMedia 📍 tiktok.com/@ummot_media 🥏WhatsApp⤵️ 📍 wa.me/996505592222
إظهار الكل...
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

👍 10 4
00:31
Video unavailableShow in Telegram
Катталыңыз! ➤➤ https://t.me/ummot_media
إظهار الكل...
35.10 MB
👍 6
🔰 ЖОЛ Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим. 🌴 АЯТ: "Алар аны менен бирге термелбесин үчүн биз жер үстүндө бекем туруучу тоолорду жайгаштырдык жана алар туура жолдо баруусу үчүн кенен жолдорду ачтык". ("Анбия" сүрөсү; 31-аят) 🌴 ХАДИС: "Ыймандын жетимиштен ашык шагы бар. Ыйбаа дагы ыймандын бир шагы. Алардын эң улуусу "Ла илааха иллаллах" сөзү, эң кичинеси - жолдо элге тоскоол болгон нерселерди алып коюу". (Абу Хурайра) 🌴 ОКУЯ: "ЖОЛДОН КИМ ЭТИЯТ ӨТӨТ?" Бир падыша эли үчүн кенен жол жасатып, бирок жолдун ачылышынан мурун мелдеш өткөрүүнү чечет. Каалоочулардын баарын бул мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгү болгондугун жарыялаткан падыша жолдон эң этият өтө турган адамдын жеңүүчү боло тургандыгын белгилейт. Мелдеш күнү жолдон адамдар бир күн кечке тынбай өтүшөт. Бирок жолду кыскартып кайрадан падышанын жанына келгенде, баардыгы бир ооздон арызданышып: - Жолдун бир жеринде аябай чоң таш жана акиташ аралаш шагыл үймөгү бар экен. Ошол үймөк жолубузга тоскоол болду, - дешет. Аягында кеч кирген кезде бир жолоочу үстү-башынын баары чаң болуп марага араң жетет. Падышага сый-урмат менен колундагы алтын кесени сунуп: - Жолдо жолду торогон таш жана акиташ аралаш шагыл үймөгүнө туш болдум. Аны жолдун четине чыгарып жатсам, алдынан бул алтын кесени таап алдым. Бул алтындар сизге тиешелүү болуш керек, - дейт. Падыша мыйыгынан жылмайып: - Ошол алтындар сага тиешелүү, - деп жооп берет. Тиги адам: - Жок, меники эмес. Менин эч качан андай көп алтыным болгон эмес, - дейт. Анда падыша: - Ооба, бул алтындарды сен маңдай териң менен таптың. Анткени мелдештин жеңүүчүсү - сенсиң. Жолдон эң этият өткөн адам да сен болдуң. Анткени жолдон эң этият өткөн адам - артынан келе жаткан адамдар үчүн жолдогу тоскоол болуучу нерселерди алып койгон адам, - деген экен. 📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен” Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️ Бизге катталыңыз!☟︎ 🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋 ━━━━━━━━━━━━━━ 📍 instagram.com/ummot_media 📍 t.me/ummot_media 📍 youtube.com/c/UmmotMedia 📍 tiktok.com/@ummot_media 🥏WhatsApp⤵️ 📍 wa.me/996505592222
إظهار الكل...
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

9
00:21
Video unavailableShow in Telegram
Раад сүрөсү 28-аят Катталыңыз! ➤➤ https://t.me/ummot_media
إظهار الكل...
IMG_6738.MP41.72 MB
7👍 1
🔰 ИЛИМ Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим. 🌴 АЯТ: "Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды ал уюган кандан жараткан. Оку! Сенин Жараткан Эгең абдан айкөл - Ызааттуу. Ал инсанга калем менен жазууну үйрөткөн. Ал инсанга анын билбеген нерселерин билдирген". ("Алак" сүрөсү; 1-5 аят) 🌴 ХАДИС: "Ким илим үйрөнүүгө аракет кылса, бул анын жасаган күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот". (Тирмизи) 🌴 ОКУЯ: ИЛИМГЕ БОЛГОН СҮЙҮҮ Окуялардын биринде мындай дейт: "Жаштыгымда кыйынчылыктардан улам окуумду таштап, айылга баруу үчүн жолго чыктым. Жолдо тыныгуу үчүн бир бадалдын жанына отургам. Отурсам эле көзүмө бир курт илинди. Курт кирпичтин сыныгына чыгуу үчүн тырмышып жаткан эле. Бир кезде жерге кулап түштү. Кайрадан тырмышса деле, кулай берди. Муну кайра-кайра кайталай берди. Ошентип көшөрүп олтуруп акырында көздөгөн максатына жетип кирпичтин үстүнө чыгып кетти. Бул курттан үлгү алып, кайрадан артка карай жол тарттым. Окуума баш отум менен кирип алып окудум, акырында мен да ийгиликке жетиштим". 📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен” Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️ Бизге катталыңыз!☟︎ 🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋 ━━━━━━━━━━━━━━ 📍 instagram.com/ummot_media 📍 t.me/ummot_media 📍 youtube.com/c/UmmotMedia 📍 tiktok.com/@ummot_media 🥏WhatsApp⤵️ 📍 wa.me/996505592222
إظهار الكل...
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

🥰 6
Photo unavailableShow in Telegram
👍 6🥰 3
01:01
Video unavailableShow in Telegram
Катталыңыз! ➤➤ https://t.me/ummot_media
إظهار الكل...
IMG_7389.MOV11.91 MB
10
☪️ АЛЛАХКА ЖАКЫНДООНУН ЖОЛУ Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим. 🌴 АЯТ: "Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан коркуп, ага жакындоонун жолун издегиле!..." ("Маида" сүрөсү; 35-аят) 🌴 ХАДИС: "Аллах Таала минтип айткан: "Мен парз жана нафил ибадаттары менен мага жакындаган кулума уга турган кулак, көрө турган көз, кармай турган кол, баса турган бут болом. Эгер ал Менден бир нерсе сураса, Мен, албетте анын сураганын беремин. Эгер ал Мага баш калкаласа, мен, албетте, аны коргоп өзгөчө карамагыма алам" ". (Бухари, ибн Мажа) 🌴 ОКУЯ: ЖОЛООЧУНУН ЖАРАТКАНГА ЖАКЫНДАШЫ Күндөрдүн биринде бир жолоочу ээн талаа эрме чөлдүн ысык аптабында сапар тартып баратып тамагы катып абдан суусайт. Жолдон бир кудукка туш болуп, кудукка түшүп суусунун кандырат. Кудуктан чыкса, тилин салаңдатып ным топуракты жалагылап жаткан бир итти көрүп, ага боору ооруп, "Бул күчү да мага окшоп суусап турган экен" деп жолоочу кайрадан кудукка түшөт. Бут кийимине суу толтуруп кудуктан чыгып, сууну иттин алдына коёт. Ит алдындагы сууну ичип суусунун кандырат. Аллах Таала бул пендесине ыраазы болуп, бүт күнөөсүн кечирген экен. 📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен” Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️ Бизге катталыңыз!☟︎ 🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋 ━━━━━━━━━━━━━━ 📍 instagram.com/ummot_media 📍 t.me/ummot_media 📍 youtube.com/c/UmmotMedia 📍 tiktok.com/@ummot_media 🥏WhatsApp⤵️ 📍 wa.me/996505592222
إظهار الكل...
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️

00:28
Video unavailableShow in Telegram
Бакара сүрөсү 155-156-аят Катталыңыз! ➤➤ https://t.me/ummot_media
إظهار الكل...
IMG_6719.MP42.36 MB
👍 8🥰 1
اختر خطة مختلفة

تسمح خطتك الحالية بتحليلات لما لا يزيد عن 5 قنوات. للحصول على المزيد، يُرجى اختيار خطة مختلفة.