cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

.үч.чекит. black 3D1T10N

🧩 Санариптик мейкиндикте купуялыгыңызды жана коопсуздугуңузду кантип башкаруу керектиги жөнүндө айтып беребиз.

Ko'proq ko'rsatish
Rossiya203 691Til ko'rsatilmaganKategoriya ko'rsatilmagan
Advertising posts
156Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
Ma'lumot yo'q7 kunlar
Ma'lumot yo'q30 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Обуначиларнинг ўсиш даражаси

Ma'lumot yuklanmoqda...

Маалыматтарды кантип коопсуз сактап, хакердик чабуулдардын алдын алса болот? 🤔Көпчүлүк адамдар уникалдуу пароль маалыматты ишенимдүү коргойт деп эсептешет. Бирок алардын көпчүлүгүн түзүүдө биз логиканы колдонобуз: даталар, телефон номерлер, фамилиялар. Мындай паролду уурдоо же табуу оңой. 👉Мунун алдын алуу үчүн, эки факторлуу аутентификацияны колдонуу керек. Бул сиздин жеке маалыматты уурдагысы келген адамга жолтоо болгон кошумча коопсуздук катмары. 🙂Эгер сиз 2ФА туташтырсаңыз, анда системага өздүгүңүздү тастыктоо үчүн эки "ачкычты" колдонуп далил беришиңиз керек - кадимки паролуңуз жана сиздин телефонуңузга жөнөтүлгөн код, же болбосо, электрондук почтаңызга жиберилген кат аркылуу. 🛡Андан тышкары, аутентификациянын экинчи фактору катары бир жолку сырсөздөрдү колдоно аласыз (англ. one time password, OTP). Алар менен маалымат ишенимдүү коргоого алынат, анткени убактылуу сырсөз бир гана жолкуга жарактуу жана аны кайра колдонууга болбойт. Мындай паролду атайын программалардын же мобилдик тиркемелердин жардамы менен алууга болот. 🙃Аккаунтуңузду кандайча коргогуңуз келет? Эгерде сизде идеялар болсо, биз менен бөлүшүп коюңуз. #санарипукуктар
Hammasini ko'rsatish...

.үч.чекит. black 3D1T10N «Санарип укуктар же санариптик купуялык, коопсуздук жана жашыруун көз салуу аралык навигация» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун колдоосу менен «Борбордук Азиядагы Эл аралык Дебат Ассоциациясы» КФ тарабынан ишке ашырылууда. Материалдардын мазмуну «IDEA Борбордук Азиянын» жоопкерчилиги алдында жана материалда айтылган ой-пикирлер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт. Бул долбоордун алгачкы этабын (2021-жылдын апрель айына чейин) Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Internews ишке ашырылган.
Hammasini ko'rsatish...

Акыркы жолу паролуңузду качан алмаштырдыңыз эле?👀 #санарипукуктар
Hammasini ko'rsatish...
☀️ Кадимки эле күн. Электрондук почтаңызды ачсаңыз, алыскы тууганыңыз каза болуп, ал сизге чоң байлык таштап кеткени жөнүндө кат келди. Күтүлбөгөн жерден бай болуп калдыңыз. Бирок «сиздин бай тууганыңыздын» адвокаты мурасты сизге жаздыруу, салыктар жана кызматтарга төлөө үчүн белгилүү бир суммадагы акчага муктаж болуп, сизден сурап жатат. ❗️Бул «нигериялык спам» – интернеттеги алдамчылыктын бир түрү. Чабуулчу сиз жөнүндө маалымат алууга жана сизден акча өндүрүүгө же банк эсебиңизге кирүүгө аракет кылып жатат. 👤Бул афера Нигерияда ойлоп табылган. Биринчи Нигериялык каттар жана билдирүүлөр Нигериянын диктатору Сани Абачанин байлыгына тиешебиз бар деген адамдардан жөнөтүлгөн. Андан ары жашоодо эч качан болбогон саясатчылар, ишкерлер жана коомдук лидерлер каттардын каармандары боло баштаган. Батышта мындай каттар «алдамчылык 419» деп да аталат (Нигериянын Кылмыш кодексинин тиешелүү беренесине ылайыктуу). 📬Көп жылдар мурун ушундай каттар кадимки почта аркылуу конвертте келчү. Интернеттин өнүгүшү менен аферисттердин мүмкүнчүлүктөрү жана масштабы кеңейди. Айрыкча 90-жылдары мындай алдамчылык популярдуу болуп кеткендиктен, 2005-жылы каттардын белгисиз авторлоруна адабият боюнча «Шнобель» сыйлыгы ыйгарылган. ☝️Мындай каттар Африкадан гана эмес, башка жерлерден да келиши мүмкүн экендигин унутпоо керек. Аферанын принциби бардык жерде бирдей – жөнөтүүчү сизге байлык же кандайдыр бир пайданы убада кылат, сиз шек санабай калышыңыз деле мүмкүн. Бирок, алар бир нерсе үчүн акча төлөрүңүздү же өзүңүз жөнүндө маалымат берүүнү сурай баштаса, баарлашууну токтотуңуз. Бул алдамчылык. 😃 Сизге ушундай каттар келди беле? Булагы: www.unisender.com #санарипукуктар
Hammasini ko'rsatish...

Биз бардыгыбыз онлайн режиминде өзүбүздүн кол тийбестигибизге ишенебиз. Эсептерибиз ишенимдүү корголот жана маалыматтарыбыз биз үчүн гана жеткиликтүү деп ойлойбуз. 💁Ошентсе да, интернет-коопсуздук боюнча иш алып барган SplashData уюмунун билдирүүсүндө «123456» 2013-жылдан бери дүйнөдөгү эң популярдуу сырсөз болуп аныкталды. ❓Эмне үчүн жеңил сырсөздөрү колдонууга болбойт? Сырсөздү алуунун бир нече жолу бар, алардын айрымдары – брутфорс жана фишинг. 🔨Брутфорс (brute force – орой күч) – бул сырсөздөрдү терип көрүү, көбүнчө ал атайын программаларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Ал эми фишинг (fishing – балык кармоо) – ишенимге кирип, жеке маалыматтарды алуунун жолу. Эки учурда тең жеңил сырсөздү колдонуу шылуундардын ишин жеңилдетет. Ошентип, 123456 же qwerty сыяктуу сырсөздү бузуу үчүн брутфорсерге бир-эки секунд талап кылынат. ☝️Жеке маалыматтардын коопсуздугу жана купуялыгы колдонуучулардын санарип укугу болуп саналат. Бул укукугубуз аккаунттар бузулганда же бузууга аракет болгондо, кол салуучулар жеке маалыматтарыбызга кирүүгө мүмкүнчүлүк алганда бузулат. Бул укукту коргоо үчүн эмне кылсаңыз болот: ▪️татаал жана уникалдуу сырсөзүңүздү түзүңүз. Сырсөз эгерде тамгаларды жана сандарды гана эмес, белгилерди да камтыса татаал деп эсептелет (мисалы: s!0zhnIY.p@r0l*); ▪️атайын кызмат тарабынан түзүлгөн паролду колдонуу; ▪️эки фактордук аутентификация орнотуу; ▪️Lastpass сыяктуу кызматтарда сактала турган ар кандай сырсөздөрдү колдонуу; Кана, эмесе, Гуглга кайрылбай туруп экинчи жана үчүнчү популярдуу сырсөздү таап көрүңүзчү 😃. Варианттарды комментарийде жазыңыз. #санарипукутар #күндүнсөзү
Hammasini ko'rsatish...

🎭 Биз эки дүйнөдө жашоого көнүп калганбыз: чыныгы жана санарип. Эгер биз чыныгы дүйнөдө коркунучтардан кантип сактануу керек экенин билсек, санарип чөйрөдө өзүбүздү өтө ыңгайлуу сезип, негизги коопсуздук эрежелерин унутуп калабыз. Бирок, санарип коопсуздук жана укуктар жолду туура өтүү же зыяндуу тамак-аштан алыс болуу сыяктуу эле маанилүү. 🤷🏻‍♀️Демек, санарипте кантип коргонушуңуз керек? 👉🏻. үч. чекит. black 3D1T10N тармакта кандай киберкоркунучтар курчап тургандыгы жана алардан кантип коргонуу керектиги жөнүндө айтып берет. Биз эң оор темаларды сиздер менен оңой тилде талкуулайбыз: веб-комикс, карикатура, хоррорскоп, подкаст, видеолор, сөздүктөр аркылуу. 😎Бул жерде сиз санарип мейкиндикте жеке жашооңузду, коопсуздугуңузду өзүңүзгө ылайыктуу жол менен башкарууну үйрөнөсүз. Бул материал "Сорос-Кыргызстан" Фондусунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Санарип укуктар» долбоорунун алкагында "IDEA Central Asia" тарабынан түзүлдү. #санарипукуктар
Hammasini ko'rsatish...
🔥 1
❤️ 2
бизди сагындыңарбы? #санарипукуктар
Hammasini ko'rsatish...
/Check_it show/ Киберспорт деген эмне жана анын келечеги кандай? 🙌🏼 Бүгүнкү маегибиздин каармандары — Бакыт Эмилжанов жана Мухамед Мавлянов. Алар мыкты киберспортсмендер. ⠀ ❓ Биз алардан качан мыкты оюнчу болуп калышканын, оюндарда канча киреше тапса болоорун, алар кандай кесипке ээ болушу мүмкүндүгүн жана келечекке кандай пландары бар экенин сурадык. ⠀ Жоопту биздин маектен таба аласыз. 👇🏼 Баса, видео орус тилинде. #Internews #EUForeignPolicy #ideaca #көрүпбилиптакта #медиасабаттуулук
Hammasini ko'rsatish...
/Check_it show/ Киберспорт деген эмне жана анын келечеги кандай?

Бүгүнкү маегибиздин каармандары — Бакыт Эмилжанов жана Мухамед Мавлянов. Алар мыкты киберспортсмендер.Биз алардан качан мыкты оюнчу болуп калышканын, оюндар...

🌐 Издеген маалыматыбызды алуу үчүн Википедияга көп кайрылабыз, ошентсе да аны маалыматтын ишенимдүү булагы деп эсептөөгө болбойт. ⠀ Өткөн жылдын жазында Scite стартапынын адистери Википедияда жарыяланган дээрлик 2 миллион макаланы жана аларда көрсөтүлгөн 840 000ден ашык маалымат булактарынын илимийдүүлүгүн текшерип чыгышкан. 📝 ⠀ 🔖 Жыйынтыгында онлайн энциклопедия көрсөткөн булактардын 27,4% гана ишенимдүү деп аныкталып, тиешелүү изилдөөлөрү менен тастыкталган. ⠀ Көбүрөөк маалыматты шилтеме аркылуу окуй аласыз. 🤗 ⠀ #Internews #EUForeignPolicy #ideaca #көрүпбилиптакта
Hammasini ko'rsatish...
Википедияда бардыгы чындыкка тетеби?

20 жыл мурун америкалык жана британиялык ишкерлер Джими Уэйлс жана Ларри Сэнгер Википедияны ачышкан. Бирок ал деген эмне?