Өлгөндө көп нерсе жөнүндө кайгырбай эле кой... Сенин туугандарың баардык керектүү нерселерди аткарышат:
- Алар сенин кийимиңди чечишет;
- Алар сени жууп койушат;
- Алар сага жаназа окуйт;
- Алар сени үйдөн алып чыгып, жаңы дарегиңе жеткиришет. Көптөгөн адамдар сени акыркы сапарга узатыш үчүн азаңа келет.
Кээ бирлери өз пландарын өзгөртүп, жумуштан суранып, азаңа барат. Сен кийип жүргөн кийимиң таркатылат, сатылып, белекке берилип же өрттөлүп жиберилет. Сенин ачкычтарың, куралдарың, китептериң, буюмдарың — баары башка адамдарга өтөт...
Дүйнө сенсиз токтоп калбайт жана сени жоготкондон кийин өтө деле кайгырбайт. Экономика иштей берет. Сенин ордуңа жумушта башка адам, анын ичинде сеникинен да жакшы жөндүмдөрү бар бирөө келиши мүмкүн, алар сенин орунуңду ээлейт. Сенин мүлкүң мураскерлерге өтөт. Сенин жашооңдогу чоң же кичи ийгиликтериң тууралуу адамдар сөз кылып, мактап, сындап, сөгүнгөндөр дагы болот. Сени бет маңдай тааныган адамдар: "Бечара!" дешет!
Сенин жакын досуң бир нече саат же бир нече күн ичинде ыйлап, бирок андан кийин кайра күлүп жүрө берет. Сенин сүрөттөрүң бир аз убакыт дубалда илинип турат, анан алар жыйналып, кийин бир кутучага салынат. Башка бирөө сенин үйүңдө отуруп, телевизор көрөт, башка бирөө сенин столуңда отуруп, анда тамактанат.
Үйүңдөгү терең кайгы бир жума, эки, бир ай, эки, бир жыл же эки жылга созулушу мүмкүн... Ошондо сенин окуяң бүтөт. Адамдар арасында, бул жерде, бул дүйнөдө бүтөт, бирок сенин окуяң аркы дүйнөдө — өлгөндөн кийинки жашооңдо башталат.
Сенин жердеги жашооң, жерде денең менен жүрүп, ал жерде бардык нерсеге маани берген күндөрүң, эми маанисин жоготот же мааниге ээ болбойт.
Бул нерселер жоголот:
- сенин денеңдин сулуулугу;
- атың;
- мүлкүң;
- кредиттериң;
- иштеги кызматың;
- банк эсебиң;
- унааң;
- үйүң;
- наамдарың;
- досторуң;
- жакшы көргөн нерселериң...
Жаңы жашооңдо сага жалгыз ЖАН гана керек болот. Сага таандык болгон жападан жалгыз нерсең — ЖАН. Ошондуктан, бул жерде жашап жатканда толук жашоо үчүн аракет кыл жана бактылуу бол, анткени, Франциск Ассизский айткандай:
«Сен алып ээлеген эч нерсеңди алып кетпейсиң. Сен бергениңди гана алып кетесиң!» © Белгисиз