cookie

Utilizamos cookies para mejorar tu experiencia de navegación. Al hacer clic en "Aceptar todo", aceptas el uso de cookies.

avatar

ИСЛАМ ТААНУУ

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Mostrar más
Publicaciones publicitarias
3 480
Suscriptores
-424 horas
+37 días
-1930 días
Archivo de publicaciones
Photo unavailableShow in Telegram
Абдуллах ибн Аббастан رضي الله عنهما риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ: "Аллах Таала (орозо кармоочу адамдын кетирген) ката, күнөө сөздөрүн жууп кетирүү жана кедейлерди тамактандыруу үчүн фитир садаканы парз кылды. Ким аны айт намазына чейин берсе кабыл болот. Ал эми ким намаздан кийин берсе ал (фитир эмес) жөнөкөй садакалардан болуп калат",-деп айтты" 📚Абу Дауд 1609 Шейх Албани хадисти хасан деген. 🔹Фитир садака: Ар бир мусулман белгилүү өлчөмдөгү, жей турган нерселерден берүүчү садака. 🔹Өкүмү: Бардык аалымдар бир ооздон уажип дешкен. 🔹Эмне үчүн берилет: Орозо учурунда кетирген кемчиликтерди жууп жана кедейлерди тамактандыруу үчүн берет. 🔹Кимдер берүүгө милдеттүү: Берүүгө чамасы болгон ар бир мусулман эркек, аял, чоң жана кичине балдар жана кулдар дагы беришет. 🔹Жаш балдар үчүн ким берет: Ата-энеси берет. 🔹Төрөлө элек балага берүүнүн өкүмү: Төрөлбөгөн балдарга берүү уажип эмес мустахаб. 🔹Берүү убактысы: Айтка бир эки күн калганда берип башталат. 🔹Акыркы убактысы: Айт намазына чейин берүү керек. 🔹Кимдерге берилет: Мискиндер менен кедейлерге берилет. Мискин - күнүмдүк тамагы бар бирок жетишпейт, ал эми  кедей - бул мискинден акыбалы төмөн болгондор. 🔹Эмнеден берилет: Ар бир элде өздөрү жей турган нерселерден беришет мисалы, ун, күрүч, мейиз, курма ж.б. 🔹Акчадан берүүнүн өкүмү: Кээ бир аалымдар акча менен берсе болот дешет, бирок көпчүлүк аалымдар Сүннөттө келгендей тамактан гана берилүүсү керек, себеби кээде акча бар болуп, бирок сатып алганга тамак табылбай калышы толук мүмкүн дешкен. 🔹Бир адамга канча өлчөмдө берилет: Ар бир мусулманга бир сооъ берилет. Ал эми сооъ дегенибиз - мурунку  идиш болуп эсептелет ушул идишке канча тамак батса ошол өлчөмдөгү тамак берилет. Азыркы учурда биздин тараза өлчөмү менен 2.5 килодон 3килого чейин болот. Ошондуктан 3кгдан берсеңиздер жаңылбайсыздар. 🖋 Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu
Mostrar todo...
Photo unavailableShow in Telegram
👍 14
Урматтуу туугандар! Иътикафка ибадатына бүгүн күн батканча кириш керек.
Mostrar todo...
👍 16
Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазан айынын акыркы он күнү киргенде белин бекем бууп, үй-бүлөсүн ойготуп, түнүн ибадат менен тургузат эле." 📚Бухари 2024.     Ахли сунна аалымдары хадисти мындайча түшүндүрүшөт: Астынкы кийимдин белин бекем бууган дегендин мааниси - акыркы он күнү киргенде жубайларына кошулбай, түнүн ибадат менен өткөрүүгө абдан катуу көңүл бурган деп айтышкан.          Ал эми үй-бүлөсүн ойготкон дегени - үй-бүлөсүн башка түндүн акыркы бөлүгүндө витир намазын окуу үчүн тургузган болсо, бул он түнүн ибадат менен өткөрүү үчүн тургузган дешкен.           Түнүн тургузат эле дегени - Аллахтын Элчиси ﷺ акыркы он күндүн ар бир түнүн намаз, зикир, дуба ибадаттары менен өткөргөн эле деп айтышкан.          Урматтуу мусулман бир тугандар! Бизге туура жолду көрсөтүп, бардык жакшылыкта чыныгы үлгү болгон Аллахтын Элчиси ﷺ мурунку жана кийинки күнөөлөрү кечирилгенине карабастан Аллахтын Өзүнө берген чексиз нээматтарын эскерип, түнкүсүн намаздар менен өткөргөн. Бул ибадаттарын көргөн Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун): "Аллах сиздин өткөн жана кийинки күнөлөрүңүздү кечирген эмес беле?" - дегенде Аллахтын Элчиси ﷺ: "Аллахтын берген нээматтарына кантип шүгүр кылган кулу болбойун?!" - деп жооп кайтарган.          Албетте Аллахтын ар бирибизге берген жакшылыктары сан жеткис. Биз дагы хадиске амал кылып, ушул саналуу түндөрдө үй-бүлөбүздү ойготуп намаз, Куран окуу, дуба кылуу жана Аллахты зикир кылуу менен өткөрөлү. Аллах Таала ушул акыркы он күндө бардык амалдарды кылууга жардам берип, ар бирибиз Рамазандан күнөөлөрүбүз кечирилген абалда чыгуубузду насип кылсын. 🖋Талас Артыкбаев ____ Башкалар менен бөлүшүп, соопко шериктеш болуңуз! https://t.me/islamtaanuu/218
Mostrar todo...
👍 14
Photo unavailableShow in Telegram
👍 8
Photo unavailableShow in Telegram
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимдин кусундусу орозо учурунда өзү чыгып кеткен болсо, ал казасын кармабайт (орозосу туура). Ал эми ким кусундуну өзү атайлап чыгарган болсо, ал казасын кармап берет."" 📚Абу Дауд 2380 Албани сахих деген. Ахли сунна аалымдары: "Эгер орозо кармоочу мусулман өз ыктыяры менен колун тамагына салып же кустуруучу жыттарды жыттап кускан болсо, анда орозосу бузулат. Казасын Рамазандан кийин өтөп беришет" - дешет. Ал эми эч ыктыярсыз кусунду үстөмдүк кылып өзү чыккан болсо, мисалы оору себептүү же секирген учурда ж.б. себептерден чыккан учурда орозосу бузулбайт, уланта берет. Эч кандай казасын кармабайт. t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
Mostrar todo...
👍 13
00:58
Video unavailableShow in Telegram
Аллахтын бизге түшүргөн китебин бекем карманып, аяттарын көрмөксөн, билмексен, укмаксан болбостон аларга амал кылалы, урматуу бир тууганым! Курандын аяттары кайтарган ширктин түрлөрүнөн, бидааттын түрлөрүнөн жана арам иштердин түрлөрүнөн тыйылып, Аллахка эч нерсени шерик кылбай жалгыз Өзүнө сыйыналы. Аллах тарабынан буйрулган - намаз, орозо, зекет ж.б. Куран-сүннөттө келген ар түрлүү ибадаттарга амал кылып, акыретибизди тургузалы! --------------------------------------- 🖋 Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu
Mostrar todo...
👍 14
👍 10
Photo unavailableShow in Telegram
👍 3
Photo unavailableShow in Telegram
Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун): - Оо Аллахтын Элчиси, эгер мен Кадыр түндүн кайсы түн экенин билип калсам, ошол түнү эмне дуба кылайын?" - деп сураганда, Аллахтын Элчиси ﷺ: - "Оо Аллахым! Ырасында Сен - Кечиримдүүсүң жана кечирүүнү жакшы көрөсүң! Мени кечиргин!" - деп айткын - деген. "اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ ؛ فَاعْفُ عَنِّي" "Аллахумма! Иннака аъфуввун, тухиббу-ль аъфва, фаъфу  аънни" 👉t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Mostrar todo...
👍 28
Photo unavailableShow in Telegram
👍 18
Ооз ачканда айтылуучу дуба ذَهَبَ الظَّمَأُ، وَابْتَلَّتِ الْعُرُوقُ، وَثَبَتَ الْأَجْرُ إِنْ شَاءَ اللَّهُ ". Захабаз-зома'у уабталлатил-ъурууку уа сабатал-ажру ин шаа Аллах Абдуллах ибн Умар (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:  "Аллахтын Элчиси ﷺ оозун (курма же суу менен) ачкандан кийин: "Чаңкоо кетти, тамырлар нымдашты, Аллах кааласа соопко да жеттик" деп айтаар эле" - деген. 📚Абу Дауд 2357 Хаким, Албани ж.б аалымдар сахих дешкен. 👉 t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Mostrar todo...
👍 21👏 1👌 1
Photo unavailableShow in Telegram
Абу Хурайра (Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазан айы киргенде ар бир түнү (асмандан бир периште) оо соопту жакшы көргөн Аллахтын кулу, бул айда жакшы амалдарга  умтулгун! Оо күнөөнү каалоочу Аллахтын кулу, бул айда күнөөлөрдүн баарынан тыйылгын - деп айтылат",- деди. 📚Тирмизи 682 Албани сахих деген 👉t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Mostrar todo...
👍 15👏 1
Photo unavailableShow in Telegram
👍 37🎉 7👏 1
Photo unavailableShow in Telegram
👍 19👌 1
Шектик күн качан? Шектик күн - бул Шаабан айынын отузунчу күнү. Себеби Рамазан айы жаңыруусун билүү үчүн Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечке ай каралат, айды кароодогу максат: эртең Шаабан айынын отузунчу күнүбү же Рамазан айынын биринчи күнү  болуп орозо кармалабы, ушул. Эгер Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булут же чаң ж.б. себептен улам ай көрүнбөй калса, анда эртеси Шаабандын отузунчу күнү болуп эсептелет бирок Шаабандын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булуттуу болгондуктан ай кароо мүмкүндүгү болбосо - Шаабандын отузунчу күнү Рамазандын биринчи күнү эмес бекен деген шек бар. Асман ачык болгондо ай көрүнмөк беле деген  күмөн болгондугу үчүн - бул күн шектик күнү, тактап айтканда Шаабандын отузунчу күнүбү же Рамазандын биринчи күнүбү деп шектенип турган күн болгондуктан ушундай айтылып калган. Мына ошондуктан шектик күн кээ бир адамдар ойлогондой  жыйырма тогузунчу күнү эмес,  отузунчу күнү. Шаабандын жыйырма тогузунчу күнүн эч ким Рамазандын биринчи күнүбү же Шаабандын отузунчу күнүбү деп шектенбейт. Шектене турган күн ал отузунчу күнү. Шектик күнү (Шаабандын 30-күнү) орозо кармаса болобу? Шаабан айынын отузу (шектик күнү) адамдар Рамазан айынын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп этияттык кылып орозо кармоону Абу Ханифа мазхабы, имам  Маликтин, имам Шафиъийдин мазхабдарында жана имам Ахмаддын бир  риваятында бул күнү орозо кармоо болбойт, арам дешкен. Себеби Аллахтын Элчиси ﷺ хадистеринде бул күнү орозо кармоодон ачык кайтарган. Буга далил: Аммар ибн Ясир (андан Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимде-ким шектик күнү орозо кармай турган болсо - ал Касымдын атасы Мухаммадга каршы келген болот"" 📚Абу Дауд 2334, Тирмизий 686, Ибн Мажах 1645, Ибн Хажар, Албани хадисти сахих дешкен. Шектик күнү орозо кармоо - Аллахтын Элчисинин ﷺ кайтарган кайтаруусуна карама-каршы келет деген. Экинчи далил Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазандын алдын бир же эки күн мурда (Рамазандан деп этият кылып) орозо кармабасын. Ал эми кайсыл бир адамдын  адатынча кармаган (биринчи төртүнчү ж. б. күндөрдөгү) орозосу ошол күнгө туш келип калса кармай берсин."" 📚Бухари 1914, Муслим 1082 Урматтуу мусулман бир тууган ушул жана башка далилдер себептүү Шаабан айынын отузунчу күнү, шектик күнү Рамазандын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп ойлогон акыбалда орозоо кармоо - мүмкүн эмес. Бул ачык кайтарылган амалдардан. Ал эми кайсы бир адамдын  адатта кармап жүргөн биринчи, төртүнчү күндөрү же күн ара ж.б. кармап жүргөн сүннөт орозосу ушул күнгө туш келип калса аны кармаса болот жана ошондой эле бир адамдын өткөн Рамазан айынан калган карызы бар болсо - ошол карызын башка күндөрү өтөй албай, өтөө күнү ушул күнгө туш келип калса - аалымдар өтөсө болот дешкен. Анткени жогорудагы хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ адатта кармап жүргөн адамдын орозосу ушул күнгө туш келип калса - кармай берсин деген. 🖋 Талас Артыкбаев 👉  t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыздар!
Mostrar todo...
👍 12
Photo unavailableShow in Telegram
👍 3
👍 9
01:23
Video unavailableShow in Telegram
📜Сабактын темасы: • 6 ай дуа - - - - - - - - - - - - 👉 t.me/islamtaanuu Тикток: https://vt.tiktok.com/ZSFDuFedT/ - - - - - - - - - - - - Инстаграм: https://www.instagram.com/reel/C4GRqXhoy1v/?igsh=MWhvNG91emFyd25rOQ== - - - - - - - - - - - - Сабакты толугу менен: Ютуб жана Телеграм баракчаларыбыздан көрсөңөр болот. Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.
Mostrar todo...
👍 6
Photo unavailableShow in Telegram
👍 11
Photo unavailableShow in Telegram
👍 19🎉 2👌 1
00:44
Video unavailableShow in Telegram
📜Сабактын темасы: • Акыркы 4чү амал - - - - - - - - - - - - 👉 t.me/islamtaanuu Тикток: https://vt.tiktok.com/ZSFAJE3D3/ - - - - - - - - - - - - Инстаграм: https://www.instagram.com/reel/C3-rRmiszO3/?igsh=MTU4bW1uNnU1ZmZsYw== - - - - - - - - - - - - Сабакты толугу менен: Ютуб жана Телеграм баракчаларыбыздан көрсөңөр болот. Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.
Mostrar todo...
👍 5
01:05
Video unavailableShow in Telegram
📜Сабактын темасы: • Күнүгө көтөрүлгөн амалдар 👉 t.me/islamtaanuu Тикток: https://vt.tiktok.com/ZSFkJLmpy/ Инстаграм: https://www.instagram.com/reel/C3wxO8asghI/?igsh=bW1oMWx2OGVtcnZt Сабакты толугу менен: Ютуб жана Телеграм баракчаларыбыздан көрсөңөр болот. Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.
Mostrar todo...
👍 13🎉 2
👍 9