cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

ИСЛАМ ТААНУУ

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Show more
Advertising posts
3 551Subscribers
+224 hours
-347 days
-430 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

👍 7
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимдин кусундусу орозо учурунда өзү чыгып кеткен болсо, ал казасын кармабайт (орозосу туура). Ал эми ким кусундуну өзү атайлап чыгарган болсо, ал казасын кармап берет."" 📚Абу Дауд 2380 Албани сахих деген. Ахли сунна аалымдары: "Эгер орозо кармоочу мусулман өз ыктыяры менен колун тамагына салып же кустуруучу жыттарды жыттап кускан болсо, анда орозосу бузулат. Казасын Рамазандан кийин өтөп беришет" - дешет. Ал эми эч ыктыярсыз кусунду үстөмдүк кылып өзү чыккан болсо, мисалы оору себептүү же секирген учурда ж.б. себептерден чыккан учурда орозосу бузулбайт, уланта берет. Эч кандай казасын кармабайт. t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
Show all...
👍 11
Аллахтын бизге түшүргөн китебин бекем карманып, аяттарын көрмөксөн, билмексен, укмаксан болбостон аларга амал кылалы, урматуу бир тууганым! Курандын аяттары кайтарган ширктин түрлөрүнөн, бидааттын түрлөрүнөн жана арам иштердин түрлөрүнөн тыйылып, Аллахка эч нерсени шерик кылбай жалгыз Өзүнө сыйыналы. Аллах тарабынан буйрулган - намаз, орозо, зекет ж.б. Куран-сүннөттө келген ар түрлүү ибадаттарга амал кылып, акыретибизди тургузалы! --------------------------------------- 🖋 Талас Артыкбаев 👉 t.me/islamtaanuu
Show all...
👍 13
👍 10
👍 3
Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун): - Оо Аллахтын Элчиси, эгер мен Кадыр түндүн кайсы түн экенин билип калсам, ошол түнү эмне дуба кылайын?" - деп сураганда, Аллахтын Элчиси ﷺ: - "Оо Аллахым! Ырасында Сен - Кечиримдүүсүң жана кечирүүнү жакшы көрөсүң! Мени кечиргин!" - деп айткын - деген. "اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ ؛ فَاعْفُ عَنِّي" "Аллахумма! Иннака аъфуввун, тухиббу-ль аъфва, фаъфу  аънни" 👉t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Show all...
👍 27
👍 17
Ооз ачканда айтылуучу дуба ذَهَبَ الظَّمَأُ، وَابْتَلَّتِ الْعُرُوقُ، وَثَبَتَ الْأَجْرُ إِنْ شَاءَ اللَّهُ ". Захабаз-зома'у уабталлатил-ъурууку уа сабатал-ажру ин шаа Аллах Абдуллах ибн Умар (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:  "Аллахтын Элчиси ﷺ оозун (курма же суу менен) ачкандан кийин: "Чаңкоо кетти, тамырлар нымдашты, Аллах кааласа соопко да жеттик" деп айтаар эле" - деген. 📚Абу Дауд 2357 Хаким, Албани ж.б аалымдар сахих дешкен. 👉 t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Show all...
ИСЛАМ ТААНУУ

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

👍 21👏 1👌 1
Абу Хурайра (Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазан айы киргенде ар бир түнү (асмандан бир периште) оо соопту жакшы көргөн Аллахтын кулу, бул айда жакшы амалдарга  умтулгун! Оо күнөөнү каалоочу Аллахтын кулу, бул айда күнөөлөрдүн баарынан тыйылгын - деп айтылат",- деди. 📚Тирмизи 682 Албани сахих деген 👉t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Show all...
👍 15👏 1
👍 37🎉 7👏 1
Sign in and get access to detailed information

We will reveal these treasures to you after authorization. We promise, it's fast!